25-май 2023-жылы Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин бүтүрүүчү студенттери менен тийиштүү тармактагы жумуш берүүчү мекемелердин адистеринин ортосунда жолугушуу уюштурулду.
Бул жолугушуу жогоруда аталган факультетте КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын, Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биологиялык артүрдүүлүк бөлүмүнүн башчысы Х. Мурзаев, Экологиялык мониторинг бөлүмүнүн башчысы К. Закиров, КР Айыл...