Жашыл Климаттык Фонддун (ЗКФ) алкагында долбоорду иштеп чыгууда көмөк берүү боюнча Улуттук жумушчу семинары

2017-жылдын  28-мартынан  30- мартына чейин  Бишкек шаарындагы Парк Отелинин конференц-залында Жашыл Климаттык Фонддун (ЗКФ) алкагында долбоорду иштеп чыгууда көмөк берүү боюнча   Улуттук    жумушчу семинары өткөрүлдү.

Аталган семинар  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жана  Кыргызстандагы ФАО нун колдоосу алдында Жашыл Климаттык Фонд тарабынан уюштурулган.

Семинардын ишине  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, КТЧКТЧМА жетекчилеринин жана кызматкерлеринин, Айыл чарба министрлигинин, ӨКМ, Саламаттык сактоо министрлигинин, Улуттук статкомитетинин, Эмгек министрлигинин, Илимдер Академиясынын, Жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү, ар кандай  Ассоциациялардын, ӨЭУ өкүлдөрү, Коомдук уюмдар жана фермерлер, Кыргызстандагы ФАО мекемеси менен кызматташ адистер катышышты.

Бул семинардын коноктору Жашыл Климаттык Фонддун (ЖКФ) жетекчилери, борбор Азиядагы  ФАОнун өкүлдөрү жана эл аралык институттардын өкүлдөрү болушту.

Семинардын алдына койгон максаты төмөнкүлөр болуп саналат:

— ЖКФ жөнүндө маалыматты, анын  механизмдери тууралуу  финансылоодогу артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалыматты жана жетекчилерге ар кандай ресурстарга жетүү жолдорун жана  финансылоо мүмкүндүктөрү тууралуу билдирүү;

—  ФАОнун техникалык потенциалы боюнча баяндама берүү, ЖКФ ишке ашырууда улуттук  координаторлор үчүн долбоорлорду иштеп чыгаруудагы иштер боюнча жана аны колдоонун механизмдерин түшүндүрүү;

—  улуттук контексте баяндаманы камсыз кылуу,  климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу көйгөйлөрдү жана артыкчылыктуу тармактарды аныктоо, ошондой эле кызыкдар болгон улуттук тараптар менен ачык  диалогго келүү мүмкүндүктөрүн түзүү;

—ЖКФ үчүн долбоордук документтерге киргизиле турган артыкчылыктуу тармактарга таасир эте ала турган багыттуу тематикалык талкуулоону жүргүзүү.

Ал эми семинардын негизги жыйынтыгы ЖКФ бериле турган долбоордук сунушту макулдашып иштеп чыгууну пландоо, мында  ар кандай  улуттук, регионалдык жана эл аралык уюмдардын милдеттери жана ордун аныктоо эске алынат.

Семинардын ишинин биринчи күнүндө  4 багыт боюнча сессиялар жүргүзүлдү.Талкуулар уюштурулуп иш чаранын  жүрүшүндө негизинен төмөнкү багыттарга көңүл бөлүндү:

«Өлкөнүн артыкчылыктары: Жашыл Климаттык Фондунун долбоордук профили үчүн  Кыргыз Республикасынын артыкчылыктуу багыттарын баштапкы баалоо»;

«Климаттын өзгөрүүсү жаатында иш аракеттерди жалпы финансылоо түзүмүндөгү Кыргыз Республикасынын артыкчылыктарын инвестициялоого ылайык, Жашыл Климаттык Фондунун потенциалдык орду»;

«Долбоорду иштеп чыгуу: топтолгон тажрыйба жана ага ылайык келген механизмдер»;

«Климаттын өзгөрүүсүн финансылоодо өлкөнүн алган ордун бекемдөө»;

«Жалпы институционалдык  механизмдердин идеялары жана  Кыргыз Республикасында Жашыл Климаттык Фондуну ишке ашыруу жана анын ишине  катышуу».

Семинардын экинчи күнүндө бардык катышуучулар топ болуп иштешти жана Жашыл Климаттык Фонд үчүн ар кандай тармактык багыттар боюнча сунуштарды иштеп чыгарышты, алардын арасында институционалдык өнүгүү боюнча топ, айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча топ, мал чарбачылыгы боюнча жана башка топтор болушту.Семинардын катышуучулары тарабынан топтордогу иштердин аякташы менен жыйынтыктар чыгарылды.Мында көрсөтүлгөн сунуштар жана ойлор боюнча   презентациялар жана талкуулоолор  өткөрүлдү.

Ал эми семинардын үчүнчү күнүндө, негизинен ЖКФ жетекчилери тарабынан өнөктөш болгон ар башка министрликтердин, уюмдардын өкүлдөрү менен алардын сунуштары боюнча жолугушууларды өткөрүштү.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *