2016-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Улуттук Университетинин студенттеринин бүткүл дүйнөлүк жер күнүнө жана эл аралык «Парктар Маршы» акциясына арналган масштабдуу ишембиликти өткөрүү жөнүндө кайрылуусу

obrashhenie-studentov-knu-o-provedenii-23-aprelya-2016-goda-masshtabnogo-subbotnika-posvyashhennomu-vsemirnomu-dnyu-zemli-i-mezhdunarodnoj-aktsii-marsh-parkov

Азыркы заманда дүйнө жүзүндө илимдин жана техниканын өнүгүшү менен, курчап турган чөйрөнүн булгануу көйгөйү жана жаратылышты коргоо чаралары көтөрүлүүдө. Бул көйгөйлөр коомдун саламаттыгына да таасирин көрсөтүүдө, анткени адамдар жаратылыштын бир бөлүгү болуп саналат эмеспи.

Ушундай көйгөйлөрдүн кесепетинен акыркы он жыл аралыгында ар кандай оорулардын оор түрлөрүнүн саны көбөйүп бара жатат. Ушул жагдайды түшүнүү менен, курчап турган чөйрөнү жакшыртууга өзүнүн салымын кошуу максатында, Бишкек шаарынын студенттери 2016-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Улуттук Университетинин студенттери Бүткүл Дүйнөлүк Жер күнүнө жана эл аралык «Парктар маршы» акциясына арналган масштабдуу ишембиликти өткөрүүнү чечишти.

Ушул күнү биз, бардык өздөрүнүн туугандарынын жана жакындарынын ден соолугу жөнүндө чын пейили менен тынчсызданып камкордук көрүшкөн, Бишкек шаарынын көңүл кош эмес жарандарын бизге кошулуусун жана ушундай зор, кеңири масштабдагы иш чараны колдоосун күтөбүз, ушул ишембиликке чакырабыз.

Аталган ишембилик, Бишкек шаарынын мэриясы, экологиялык уюмдар, мамлекеттик мекемелер жана коомчулук тарабынан колдоо табарына биз ишенебиз. Биз сүйүктүү борбор шаарыбыздагы коомдук парктарды, бульварларды жана ботаникалык бактарды таштандылардан тазалайбыз. Биздин борбор шаарыбыздын нукура мекенчил жаштарын көңүл коштук кылбастан, ушул күнү бизге кошулат деген үмүттөбүз.

 

Авторлор:

Мырзабеков Кубанычбек, Тиленбаев Эгемберди.

КУУ студенттери

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *