Нарын шаарында өткөрүлгөн «Коомдук уюмдардын экологиялык милдеттерди чечүүдө иш жүзүндөгү иш аракеттери – Орхус Конвенциясын ишке ашыруунун жетишкендиги» темасындагы тегерек стол

2017-жылдын 21-сентябрында Бишкек шаарындагы Орхус борбору тарабынан Нарын шаарында «Коомдук уюмдардын  экологиялык милдеттерди чечүүдөгү иш жүзүндөгү иш аракеттери  – Орхус Конвенциясын ишке ашыруунун жетишкендиги» темасында тегерек стол өткөрүлдү. Аталган иш чарага региондун экологиялык кызматынын, жергиликтүү бийлик органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Нарын мамлекеттик университетинин өкүлдөрү жана көз карандысыз экологдор катышышты. Бул иш чаранын негизги милдети болуп коомдук уюмдардын  экологиялык милдеттерди чечүүдөгү иш жүзүндөгү иш аракеттери, алар өздөрүнүн ишинде кандай методдорду  колдонушат жана алардын жыйынтыгы кандай болуп жаткандыгы жөнүндө талкуулоо болуп саналат.

Акыркы мезгилде курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында коомдук уюмдардын  экологиялык милдеттерди чечүүдө иш жүзүндөгү иш аракеттери акырындап азайып бара жаткандыгын иш чаранын катышуучулары белгилеп кетишти, ал эми коомдук уюмдар  финансылык каражаттардын жетишсиздигинен жана өнөктөш уюмдардын колдоосунун начардыгынан өз ишмердүүлүгүн токтотуп коюшууда, өз кезегинде бул коомчулуктун  көзөмөлүнүн төмөндөшүнө алып келүүдө.

Сөз сүйлөгөндөрдүн ар бири региондогу болуп жаткан көйгөйлөр жөнүндө,  курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында  контроль жүргүзүүчү органдардын иштеринин алсыз болуп бараткандыгын, көрүлгөн иш чаралар жөнүндө маалыматтардын жетишпестиги тууралуу жана экологиялык маселелерди чечүүдө калкты тартуу  жана байланыштын жоктугу тууралуу токтолуп өтүштү. Ошондой эле, Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун директору Адиль Нурбеков, өзүнүн презентациясы менен чыгып сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Бишкектеги Орхус борбору тарабынан  2 жылда аткарылган иштер тууралуу, 2015-2018-жылдарга Орхус борборунун ишмердүүлүк Стратегиясын ишке ашыруу жөнүндө, келечектеги  аткарыла турган иштин планы тууралуу, региондогу экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө  катышуусу  үчүн өнөктөштүк байланыштарды түзүү боюнча өз ойун бөлүшүп кетти.

Ал эми экологиялык мыйзамдуулук ченемдердин сакталышы  жана өзүнүн ишмердүүлүгүндө  иш жүзүндө колдонуу үчүн курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы   Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын 2009 –жылдан  2016-жылга чейинки кабыл алынган жана чыгарылган  жыйындысы таратылып берилди. Бишкектеги Орхус борбору тарабынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жана Бишкектеги ЕККУ Борборунун, Кыргыз Республикасындагы ПРООН  дун катышуусунда,  Курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы   Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын 2009 –жылдан  2016-жылга чейинки кабыл алынган жана чыгарылган  жыйындысы чогултулган  жана жарыкка чыгарылган.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *