Тегерек стол «Жер тилкелерин трансформациялоо» жана «Таштанды таштоочу жайлардын укукту аныктоочу жана укукту күбөлөндүрүүчү документтерин даярдоодогу кадамдар

2018-жылдын 26-июнунда Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылындагы «Радуга Вест» пансионатынын жыйындар залында, ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин каржылык колдоосунда, Ысык-Көлдөгү Орхус борбору уюштурган «Жер тилкелерин трансформациялоо» жана «Таштанды таштоочу жайлардын укукту аныктоочу жана укукту күбөлөндүрүүчү документтерин даярдоодогу кадамдар»-деген темада

тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столго Ысык-Көл районунун Кара-Ой, Чон-Сары-Ой, Тамчы, Тору-Айгыр айыл өкмөттөрүнүн башчылары, айылдык кенештин депутаттары, айыл аймагынын жер адистери жана юристтери катышты.

Тегерек столдун башталышында Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.С.Турсунакунов катышуучуларга Кыргызстандагы Орхус борборлору, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун 2018-жылга карата иш пландары тууралуу маалыматтарды берди.

Жер тилкелерин  бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоо)  жана таштанды таштоочу жайлардын укукту аныктоочу жана укукту күбөлөндүрүүчү документтерин даярдоо боюнча катышуучуларга толук маалыматтар берилип,  тиешелүү документтерди даярдоодогу кадамдар түшүндүрүлүп берилди.

Бул маселе катышуучулардын кызуу талкуусун жаратып, таштанды таштоочу жайлардын документтерин даярдоодо жаралган тоскоолдуктар менен бөлүшүштү.

Мындан сырткары таштандыларды кайра иштетүү заводдорун куруу, айылдын, көл жээгинин тазалыгын сактоо боюнча сунуштар айтылып, айылдардагы экологияга байланышкан жыйындарга Орхус борбору да катышып элге маалымат берип туруусун суранышты.

Жыйынтыгында катышуучулар тарабынан төмөнкүдөй резолюция кабыл алынды:

  1. Айыл аймактары, Ысык-Көлдөгү Орхус борбору, коомчулук менен биргеликте экологиялык маселелерди алып баруу жагы каралсын.
  2. Таштанды таштоочу жайлар үчүн берилген жер тилкелерин бир категориядан экинчи категорияга которууну (трансформациялоону) айыл аймактарынын жана райондук мамлекеттик администрациясынын денгээлинде кыска убакытта ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине сунушталсын.

Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.С.Турсунакунов.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *