“Курчап турган чөйрөнү коргоо – Ысык-Көл регионундагы туристтик бизнестин туруктуу өнүгүүсүнүн өбөлгөсү” темасында өткөрүлгөн тегерек стол.

Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы “Кыргызское взморье” пансионатынын аймагында 2016-жылдын 25-26- июнунда тегерек стол өткөрүлдү. Аталган иш чаранын уюштуруучулары Бишкектеги ЕККУ Борборунун колдоосу астындагы Бишкек шаарындагы Орхус Борбору жанаМамлекеттик агенттик менен Финландия курчап турган чөйрө Институту менен биргелешип жүргүзгөн”KGZ-Суу/Ысык-Көл” – (“KGZ – Вода/Иссык-Куль”) долбоору болушту.

kruglyj-stol-na-temu-ohrana-okruzhayushhej-sredy-zalog-ustojchivogo-razvitiya-turisticheskogo-biznesa-v-issyk-kulskom-regione

Аталган тегерек столдун катышуучуларыЫсык-Көл регионундагы пансионаттардын жана санаториялардын, экологиялык кызматтардын жана экологиялык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле иш аракети жаратылышты коргоого  жана экологиялык маселелерди жайылтуугабайланышкан өнөктөштөр жана жалпы эле Ысык-Көл регионунун туруктуу өнүгүүсүнө кызыкдар болгон тараптардын өкүлдөрү болушту.

Иш чаранын алкагында туристтик иш аракеттердин кеңейип бараткандыгына байланыштуу, региондун экологиясына антропогендик киришүү көйгөйлөрү талкууланды, экологиялык кырдаалды жакшыртуу үчүн бизнес сектор мененжаратылышты коргоо мекемелеринин өз ара аракеттенүү жолдору, ошол эле учурда, Ысык-Көл регионунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо жана көмөк көрсөтүү боюнча пикирлер айтылды.

kruglyj-stol-na-temu-ohrana-okruzhayushhej-sredy-zalog-ustojchivogo-razvitiya-turisticheskogo-biznesa-v-issyk-kulskom-regione

Аталган иш чарада Кыргыз Республикасынын аймагында Орхус Конвенциясын ишке ашыруу маселелери боюнчаБишкектеги Орхус борборунун жүргүзгөн иш аракети чагылдырылды.”KGZ-Вода/Иссык-Куль”долбоорунун жүргүзгөн иш аракетинин алкагында Ысык-Көлдүн суусунун сапатын текшерүү боюнча, өткөрүлгөн экологиялык мониторингдин көрсөткүчтөрүнүн негизинде даярдалган маалыматтар берилди.

Ошондой эле, бул иш чарада Интерньюстун өкүлдөрү өздөрүнүн долбоорунун презентациясы менен сөз сүйлөштү. Аталган долбоор өзүнүн потенциалды өнүктүрүү боюнча атайын программасын ишке ашырат, ал журналистика боюнча  адистик тренингдерди, коомдук уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүнбиргелешкен тематикалык семинарларды, ошондой эле, экологиялык тематика боюнча контент өндүрүүгө аз өлчөмдөгү гранттарды өзүнө камтыйт.

Ошондой эле, Ысык-Көл областынын аймагында  ж27үргүзүлө турган ар кандай демилгелердин жана  долбоорлордун иш аракети жөнүндө маалыматтар берилди, анда өзүнүн ишмердүүлүгүнөн тышкары курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылышка сарамжалдуу мамиле жасоого байланышканиш аракеттерди үгүттөөлөр аткарылат, мисал катары «Ысык-Көл областынын мейманкана комплекстериндеги KyrSEFF II –ресурс үнөмдөө долбоорлору” жана Жаштардын иши боюнча комитеттери жана Улуттук жаштар уюмунун кеңеши.

«Таза Ысык-Көл” коомдук Фондусу өзүнүн ишинин жыйынтыгын  жана ошондой эле, 2015-жылдагы Ысык-Көлдүн жээк зонасын катуу тиричилик калдыктарынан тазалоо боюнча энтузиаст-аквалангисттеринин Ыктыярдуу Кыймылынын аткарган жумуштарын көрсөтүштү.«Таза Ысык-Көл” коомдук Фондусунун жана энтузиаст-аквалангисттеринин Ыктыярдуу Кыймылынын суучулдары тарабынан тегерек столдун катышуучуларынын жана уюштуруучуларынын колдоосунда көлдүн жээгинтиричилик калдыктарынан тазалоо боюнча ишембилик өткөрүлдү.Күндүн экинчи жарымында тегерек столдун катышуучуларыкөлдүн жээгинде болушуп, суучулдардын ишин көрүп кайтышты

kruglyj-stol-na-temu-ohrana-okruzhayushhej-sredy-zalog-ustojchivogo-razvitiya-turisticheskogo-biznesa-v-issyk-kulskom-regione

kruglyj-stol-na-temu-ohrana-okruzhayushhej-sredy-zalog-ustojchivogo-razvitiya-turisticheskogo-biznesa-v-issyk-kulskom-regione

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *