Алай районун Гүлчѳ айылында “Жаратылышты коргоонун Кыргыз Фонду” коомдук бирикмесинин ѳкүлдѳрү үчүн окутуу (тренинг) ѳткѳрүлдү.

2021-жылдын 7-майында Алай районун Гүлчѳ айылында “Жаратылышты коргоонун Кыргыз Фонду” коомдук бирикмесинин(КБ) ѳкүлдѳрү үчүн, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнү коргоо боюнча окутуу Орхус Борбору тарабынан “Жашыл экономикага жана айлана чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында уюштурду. Бул иш-чарага “Жаратылышты коргоонун Кыргыз Фонду” КБнин, Мергенчилик жана жаратылышты пайдалануу департаментинин, Жошолу, Коңур-Дѳбѳ, Ташкороо, Гүлчѳ айыл ѳкмѳттѳрүнүн ѳкүлдѳрү, С. Жаанбаев орто мектебинин жана Ж. Раиымкулов атындагы №67- кесиптик лицейинин токой жана фермер бѳлүмүнүн мугалимдери, жергиликтүү тургундар болуп жалпысынан 26 киши катышты.

Иш-чараны Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев ачып, Орхус Борборунун ишмердүүлүгүнѳ токтолду.

“Жаратылышты коргоону Кыргыз Фонду” КБнин тѳрагасы А. Бакыев – “Жаратылышты коргоонун Кыргыз Фонду” КБнин максаты жана анын аткарып жаткан иштери боюнча маалымат берди.

Мергенчилик жана жаратылышты пайдалануу департаментинин Оштогу ѳкүлчүлүгүнүн жетектѳѳчү адиси Х. Мурзаев – жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнү коргоо боюнча КР курчап турган чѳйрѳнү коргоо багытындагы мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнѳ тиешелүү укутук-ченемдик актылардын жыйнагындагы мыйзамдарга токтолуп, мыйзам бузууларга күбѳ болуп калган учурда кандай иш-аракеттерди жасоо керек экендиги боюнча катышуучуларга окутуу ѳттү.

“Жаратылышты коргоону Кыргыз Фонду” КБнин мүчѳсү Б. Досмаматов- эмки жылы Алай районунун аймагын  массалык жашылдандырууга демилге кѳтѳрүп,катышуучулардын колдоосун суранды .

Эксперт Х. Мурзаев катышуучулардын ѳсүмдүктѳр жана жаныбарларды коргоо боюнча беришкен суроолоруна толук жооп берди.

Окутуунун аягында КР курчап турган чѳйрѳнү коргоо багытындагы мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнѳ тиешелүү укутук-ченемдик актылардын жыйнагы(Бишкек шаары 2020-ж.) жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарбынан чыгарылган КР Кызыл Китебине киргизилген  ѳсүмдүктѳрдүн, канатуулардын жана жаныбарладын үч түрдүү плакаттары катышуучуларга таратылды.

Окутуунун соңунда Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев катышуучуларга ыраазычылык билдирип, мындан арыда аркандай окутууларды, иш-чараларды ѳткѳрүүгѳ даяр экенин билдирди.

Орхус Борборунун адиси Матисаев А.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *