Ар кандай секторда УАСды талкуулоо процесси башталды

 

Кыргызстанда Париж макулдашуусунун Улуттук аныкталган салымдары (УАС) боюнча сунуштарды даярдоо, чогултуу жана иштеп чыгуу боюнча ар кандай секторда Орхус Борбуру жана БУУнун Өнүктүрүү Программасынын “Климаттын өзгөрүүсүн азайтуунун кеңейтилген компоненти” долбоорун талкуулоо процесси башталды. Мунун бардыгы Кыргызстан өз сунуштарын Париж келишиминин катчылыгына жөнөтүшү үчүн жасалды. Ал Париж келишимине кол койгон өлкөлөр менен катар ушул күздө Глазго шаарында (Улуу Британия) өтүүчү кийинки жолугушууда каралат.

Эмне үчүн мунун бардыгы жасалып жатат? Кыргызстан Париж келишимине кол койгон жана келишимдин пункттарын аткаруу боюнча милдеттенмелерди алган. Алардын негизгиси – Улуттук аныкталган салымдарды (УАС) келишимдин катчылыгына 5 жылда бир жолу тапшыруу, тактап айтканда, өлкө кандай аракеттерди көрөт жакынкы 5 жылдагы жыл сайынкы климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу процесстерди турукташтыруу.

Эксперттер талкуулоо үчүн материалдарды даярдашкан жана жолугушууларда ушул процесстердин маани-маңызын 5 сектордо чагылдыруу чечими кабыл алынган – “Энергетика”, “Өнөр жай процесстери жана продукцияны пайдалануу”, “Токой чарбасы жана жерди пайдалануунун башка түрлөрү”, “Таштандылар” жана “Айыл чарба”. Секторлордун ар бирин көзөмөлгө алынган министрликтер жана ведомстволор жолугушууларды өткөрүүнүн демилгечилеринин бири катары Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин жооптуу кызматкерлери менен башкарат.

Жолугушууларга кызыкдар жана тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун кызматкерлери, мамлекеттик, акционердик, коомдук жана илимий уюмдардын өкүлдөрү, экология жана климаттын өзгөрүшү жаатындагы эксперттер чакырылган. Жолугушуулардын ар биринде эксперттер КЧКТЧТ иштеп чыккан Кыргызстандагы Климаттын өзгөрүүсү боюнча 4-Улуттук байланыштын алдын-ала жыйынтыктарынын документтерине ылайык, акыркы жылдары тармактарда парник газдарынын чыгышы боюнча материалдарды сунушташты. Талкуу жүрүшүндө жолугушуунун катышуучулары УАСа киргизүү боюнча сунуштарын беришти, кызыктырган суроолорун беришти жана айлана-чөйрөнүн жана атмосферанын начарлашына байланыштуу экологиялык көйгөйлөргө карата мамилени өзгөртүү боюнча ар кандай пикирлерин билдиришти.

Бардык сунуштар тармактык эксперттер тарабынан жазылып алынган жана иштетилгенден кийин, УАСа сунуштар катары киргизилет, алар апрель айында дагы 5 сектордун министрликтери менен ведомстволорунун эксперттерине кайрадан талкууга коюлат.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *