Баткен шаарында тиричилик катуу калдыктары (ТКК) полигондору үчүн жерлерди которуу (трансформациялоо) маселелерин талкуулоо боюнча тегерек стол ѳткѳрүлдү.

28-октябрь 2021-жылы Баткен шаардык мэриясында “Жашыл экономикага жана айлана чѳйрѳнү башкарууга кѳмѳктѳшүү” долбоорунун  алкагында Орхус Борбору, КР Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин(ЭКМК) Баткен аймактык башкармалыгы менен биргеликте тегерек стол ѳткѳрдү.

Бул иш-чарага КР ЭКМК Баткен аймактык башкармалыгынын, Баткен шаарынын, Баткен районун ѳзүн ѳзү башкаруу органдарынын адистери, тазалык ишканасынын башчысы болуп жалпысынан 15 киши катышты.

Бул иш-чараны Орхус Борборунун мүдүрү Исабаев К. ачып, Орхус Борборунун ишмердүүлүгү боюнча жана Баткен обласында аткарылып жаткан иш-чаралар боюнча маалымат берди.

Орхус Борборунун адиси Матисаев А. www.ecomap.kg сайтына кирип экологиялык картада белгиленген Баткен облусундагы калдыктар полигондорунун бүгүнкү күндѳгү абалы боюнча кеңири маалымат берди. Ошондой эле жерлерди трансформациялоо боюнча чыгарылган убактылуу жобо жана калдыктар менен иштѳѳ жаатындагы мыйзамдар, токтомдор менен тааныштырды.

Белгилей кетсек Баткен обласында 42 полигон жайгашкан. Анын ичинен 10 полигондун иш кагаздары толук мыйзамда белгиленген тартипте даярдалганы маалым болду. Калган 32 полигонду тийиштүү органдар тарабынан айлана-чѳйрѳгѳ жана адам ден-соолугуна тийгизген таасирин баалап, мыйзамда каралган тартипте иш кагаздарын эртерээк даярдоо сунуш кылынды.

Эксперт Мурзаев Х. жерлерди трансформациялоо иштери бир топ жеңилдеп калганын билдирип, жерлерди которуу үчүн документтерди даярдоо боюнча маалымат берди.

КР ЭКМК Баткен аймактык башкармалыгынын башчысы Умаров Б. комитеттин ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди. ЭКМК алдындагы “Жаратылышты ѳнүктүрүү” коомдук фонду менен биргеликте  ,Баткен тазалык ишканасына 1  миллион сомдук атайын калдык ташуучу автотехника сатып алынганын жана 540 миң сомдук урналар жасалганын билдирди.

Талкууло учурунда Баткен тазалык ишканасынын жетекчиси “Жаратылышты ѳнүктүрүү” коомдук фондунун эсебинен калдыктар полигонуна жумушчуларга, күзѳтчүгѳ, катоочуга демалуу бѳлмѳлѳрүн  куруп берүүсүн суранды.

Баткен аймактык башкармалык жана айыл ѳкмѳттѳрдүн ѳкүлдѳрү  Орхус Борборунан  Баткен областынын аймагында кездешүүчү КР Кызыл китебине киргизилген жаныбарлардын, канатуулардын жана ѳсүмдүктѳрдүн түрѳлѳрү боюнча таркатма материалдарды даярдап, окутуу ѳткѳрүп берүүсүн суранышты.

Иш-чара Баткен телекѳрсѳтүүсү тарабынан тартылып, маалымат коомчулукка чагылдырылды.

Тегерек столдун соңунда Орхус Борборунун мүдүрү жаратылышты жакшыртууда кызыктар тараптар менен тыгыз иш жүргүзүүгѳ даяр экенин билдирди.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси Матисаев А.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *