«Бир дүйнө Кыргызстан – 2015» даректүү фильмдердин фестивалына катышуу

«Бир Дүйнө Кыргызстан – 2015» Фестивалынын конкурстук фильмдерин көрүүнүн алкагында 2015-жылдын 13-декабрында Борбордук Азиядагы Америкалык Университетинин салтанаттуу чогулуш өткөрүлүүчү залында, даректүү фильмдердин кезектеги көрсөтүү күнү болуп өттү. Аталган Фестиваль адам укугу жана Орхус Конвенциясынын принциптери боюнча Хельсинки протоколуна кол коюлганынын 40-жылдыгына арналган.

uchastie-v-festivale-dokumentalnyh-filmov-bir-d-jn-kyrgyzstan

Көрсөтүүнүн башталышынын алдында Фестивалдын уюштуруучулары конкурстун катышуучуларынын жана көрүүчүлөрүнүн алдында Бишкектеги ЕККУ Борборунун жана Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун кызматкерлерин куттуктоо сөзү менен сөз сүйлөп берүүсүн жана чакан презентация өткөрүп берүүсүн суранышты.Бишкектеги ЕККУ Борборунун атынан Ош шаарындагы жергиликтүү Бюронун кенже кызматкери мырза Эдоардо Да Рос сөз сүйлөдү, ал өзүнүн сөзүндө адам укугу боюнча Хельсинки протоколу жөнүндө кыскача баяндап берди, ошондой эле катышып отургандарга Кыргызстандагы ЕККУ Борборунун иши жөнүндө маалымат билдире кетти. Орхус Конвенциясы жана Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун жүргүзгөн иши жөнүндө Борбордун жетекчиси Адиль Нурбеков маалымат берди. Докладдарды угуудан кийин, Фестивалдын көрүүчүлөрү тарабынан бир канча суроолор берилди жана көрүүчүлөр берилген суроолор боюнча кеңири жоопторду ала алышты.

Фестиваль андан ары өз ишин улантып, көрүүчүлөргө конкурстук фильмдердин көрсөтүүсү болду. Алар төмөндөгү фильмдер: «Американын анты”- Мишель Стивенсон жана Джо Брюстер (АКШ); “Бала кезде жоголгондор»- Айсулуу Текимбаева (Кыргызстан); “Шайлоолор”- Йероен фан Фельцен (Нидерланды); “Шоколад көбүктөрү”- Виллем Баптист (Нидерланды); “Мамлекеттик экзамен”- Диеду Хамади (Франция жана Конго Демократиялык Республикасы); “Уурдалган балалык”- Кубат Касымбеков (Кыргызстан). Ар бир фильмди көрүп чыккандан кийин, экранда көрсөтүлгөн фильмдер жана көйгөйлөр тууралуу Фестивалдын катышуучулары тарабынан талкуулоо өткөрүлүп, көрүүчүлөр өз ойлорун билдиришти.

uchastie-v-festivale-dokumentalnyh-filmov-bir-d-jn-kyrgyzstan

uchastie-v-festivale-dokumentalnyh-filmov-bir-d-jn-kyrgyzstan

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *