Бирдиктүү экологиялык мониторингди иштеп чыгуу

2018-жылдын 26-27-июнунда  ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсеси Ош шаарындагы Орхус маалымат борбору менен биргеликте курчап турган чөйрөгө мониторинг жүргүзүү боюнча Эл аралык жана Улуттук консультанттардын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттигинин жана Гидрометеорологиялык касыздоо жана курчап турган чөйрөнүн мониторинги боюнча аймактык башкармалыгынын, Ош бассейндик суу чарба башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана Техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары жана Араван-Ноокат райондору боюнча аймактык башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын жана Ош облусу боюнча кызматтын иш-аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери менен бир катар жолугушууларды уюштурду.

Бул жолугушууларда жогоруда аталган мекемелердин кызматкерлеринен тышкары Эл аралык консультант-А. К. Абдувалиев, Улуттук консультант-Т. И. Неронова, ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсесинин кызматкери-Ф. Алиев жана Ош шаарындагы Орхус маалымат борборунун кызматкерлери К. Исабаев жана Т. Жумабековдор катышышты. Жолугушууларда мекемелердин кызматкерлери өздөрүнүн пландары, мониторинг боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө консультанттарга айтып беришип, алардын суроолоруна жооп беришти. Консультанттар бул мекемелердин химиялык лабораторияларын да кыдырып көрүштү.

Жолугушуулардын максаты курчап турган чөйрөнүн тармактарына жүргүзүлүп жаткан мониторингдин абалын талкуулоо жана топтолгон маалыматтардын негизинде Кыргыз Республикасында мониторингдин бирдиктүү системасын иштеп чыгуу болуп эсептелет.

Ушул иш чаранын алкагында эл аралык консультант-Т. Юнусов Орхус маалымат борборунун кызматкерлери менен жолугушту. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Орхус Борборлорунун 2015-2018-жылдарга карата ишмердүүлүгүн өнүктүрүү стратегиясынын алкагында Ош шаарындагы Орхус маалымат борборунун ишмердүүлүгү жана Орхус Конвенциясын 2019-2023-жылдарда ишке ашыруу боюнча аракеттенүүнүн Улуттук планын иштеп чыгуу талкууланды.

Орхус маалымат борборунун Коомчулук менен иш алып баруучу адиси,

Т. Жумабеков.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *