Бишкек шаарындагы Орхус борборунун маалыматтык стенди

Бишкек шаарынын калкына жана шаар конокторуна билдирүү үчүн августтун аягында, Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун кеңсеси жайгашкан имараттын алдында туруктуу маалыматтык стенд орнотулган.
Аталган стенд Кыргыз Республикасындагы Орхус Борборлорунун 2015-2018-жылдарга Стратегиялык Өнүктүрүү Планын ишке ашырууга ылайык орнотулган, ал Бишкек шаарындагы Орхус Борбору тарабынан Бишкектеги ЕККУнун Борбору жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен биргеликте иштеп чыгарылган.

Бишкек шаарындагы Орхус Борбору ар ай сайын коомчулукту маалыматтар менен кабардар кылат, жаратылышты коргоо иш аракеттери жөнүндө экологиялык жаңылыктардын маалыматын билдирип турат, курчап турган чөйрө жаатында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына киргизилген өзгөртүүлөрдү жана Орхус Борборунун өзү жөнүндө кыскача маалымат билдирилип турат. Ошону менен катар коомчулук биринчи булактан өлкөдөгү экологиялык жаңылыктарды жана биздин иш аракетибиз тууралуу жаңы маалыматты алып туруу мүмкүндүгүнө ээ болот.

informatsionnyj-stend-orhusskogo-tsentra-bishkek

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *