Борбордук Азиядагы регионалдык экологиялык борбордун Кыргыз Республикасындагы өкмөттүк эмес уюмдар (ӨЭУ) менен өз ара аракеттенүү мүмкүндүктөрүн талкуулоо» темасына арналган тегерек стол.

 kruglyj-stol-na-temu-obsuzhdeniya-vozmozhnostej-vzaimodejstviya-regionalnogo-ekologicheskogo-tsentra-v-tsentralnoj-azii-s-npo-v-kyrgyzskoj-respublike

2016-жылдын 22-апрелинде Ош шаарындагы Маалыматтык Орхус Борборунун имаратында, Кыргыз Республикасындагы РЭЦ ЦАнын филиалы жана Ош шаарындагы Орхус Борбору, Ош шаарындагы Өкмөттүк эмес уюмдар үчүн «Борбордук Азиядагы Регионалдык экологиялык борбордун Кыргыз Республикасындагы Өкмөттүк эмес уюмдар (ӨЭУ) менен өз ара аракеттенүү мүмкүндүктөрүн талкуулоо» темасына арналган тегерек стол өткөрүштү. Тегерек столдун ишине Ош шаарындагы Өкмөттүк эмес уюмдардын 12 өкүлү катышышты.

РЭЦ ЦАнын долбоорунун координатору К.Матраимов «Суу ресурстарын башкаруунун интеграцияланган жолдорун колдонуу жана экосистемалык кызмат көрсөтүүнү киргизүү» темасындагы презентациясы менен сөз сүйлөдү.

Презентация жасагандар катышуучулардын суроолоруна жооп беришти. Ошондой эле, тегерек столдо кызматташуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун аягында, тегерек столдун катышуучулары эл аралык «Парктар маршы» акциясынын алкагында, Орхус Борборунун имаратынын жанына арчанын көчөттөрүн отургузушту.

 kruglyj-stol-na-temu-obsuzhdeniya-vozmozhnostej-vzaimodejstviya-regionalnogo-ekologicheskogo-tsentra-v-tsentralnoj-azii-s-npo-v-kyrgyzskoj-respublike

 kruglyj-stol-na-temu-obsuzhdeniya-vozmozhnostej-vzaimodejstviya-regionalnogo-ekologicheskogo-tsentra-v-tsentralnoj-azii-s-npo-v-kyrgyzskoj-respublike

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *