«Борбордук Азиядагы уран калдыктары менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыкдар болгон тараптарды тартуу» долбоорунун алкагында Жалал-Абад областынын Майлуу-Суу шаарында радиациялык коопсуздук боюнча өткөрүлгөн тренингдер жөнүндө маалымат

img_2504

2016-жылдын 14- сентябрында Жалал-Абад  областынын  Майлуу-Суу шаарынын административдик   имаратында Бишкек шаарындагы ЕККУ Борборунун финансылык колдоосу алдында радиациялык коопсуздук боюнча  5 жолу тренингдер болуп өттү. Тренингдерди тренер-эксперттер, профессор Куленбеков Ж. жана  профессордун ассистенти Асанов Б. өткөрүштү.

img_2367

Тренингдер төмөнкү уюмдарда өткөрүлдү:

  1. Техникалык колледж, Майлуу-Суу шаарында – 75 катышуучу
  2. Майлуусуу медициналык колледжи – 80 катышуучу
  3. Борбордук-азиалык колледж – 70 катышуучу
  4. №3 мектеп,  Сары-Бээ аймагында – 70 катышуучу
  5. Сары-Бээ аймагында жана ГСВ – 15 катышуучу болушту.

Тренингдер интерактив режиминде өткөрүлдү. Катышуучулар тарабынан көптөгөн суроолор берилди. Тренерлер тарабынан  презентациялана турган жана таратылып бере турган  материалдар даярдалган. Тренингдер жүргүзүлүп жаткан убакта  экспертер тарабынан  тренингдин катышуучуларынын катышуусунда, Майлуу-Суу шаарынын хвостохранилищаларында жана калктуу пунктарында  радиациондук фонду боюнча өлчөөлөр жүргүзүлдү.

Майлуу-Суунун  суусунан жана топурагынан үлгүлөр алынды.

 

Коомчулуктун катышуусу боюнча адис Соронкулов Г.У.

img_2510

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *