Чүй областынын Аламедин районунун Орто-Сай айылында өткөрүлгөн тегерек стол.

2420161021_094928

2016-жылдын 21-октябрында Бишкектеги ЕККУ Борборунун колдоосу астында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин катышуусунда, Кыргызстандагы токой пайдалануучулар жана жер пайдалануучулар Ассоциациясынын конференц-залында, Бишкек шаарындагы Орхус Борбору жана Кыргызстандагы токой пайдалануучулар жана жер пайдалануучулар Ассоциациясы тарабынан уюштурулган, «Экологиялык маалыматтуулукка жеткиликтүүлүк-өлкөнүн региондорунда коомчулуктун туруктуу мамилесинин кепили» темасында тегерек стол өткөрүлдү.

20161021_104801

Өткөрүлгөн тегерек столдун ишине 32 жакын чакырылган адамдар катышты, алардын ичинде , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын айыл-чарба, тамак –аш өнөр жайы жана  мелиорации министрлигинин, ӨЭУ, региондогу жарандык коомдун жана бизнес-коомдорунун өкүлдөрү, ошондой эле  Монгол  Республикасынан келген конок – «Жасыл» өнүгүү жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча  Ассоциациясынын   директору- мырза Байгаль Орчин Ба Хогжлийн  катышышты.

Тегерек столдун ишинин жүрүшүндө Кыргызстандагы токой пайдалануучулар жана жер пайдалануучулар Ассоциациясынын  генералдык директору А.Бурханов жолугушуунун катышуучуларын кызуу куттуктады, ал өз сөзүндө аларга жетишкендиктерди каалап кетти.

Тегерек столдо төмөнкү докладдар жана  материалдар сунушталды:

– «Орхус Конвенциясы жана Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун иши жөнүндө кыскача маалымат» докладчы- Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун директору  А.Нурбеков – катышуучуларды Орхус Конвенциясы жөнүндө, Орхус Конвенциясынын принциптери жана Кыргыз Республикасындагы Орхус Борборлорунун 2015 -2016-жылдарга иш аракети  жөнүндө маалымат менен тааныштырды;

– «Медиа жаратылыш  ресурстары жана курчап турган чөйрө маселелерин чагылдыруунун натыйжалуулугу үчүн»  докладчы –   долбоордун регионалдык  программалык менеджери Оганов Т. –  катышуучуларга коомчулуктун  маалыматтуулукка жеткиликтүүлүктүүлүгү жана маалыматты жеткирүүнүн алдыңкы методдору жөнүндө презентация жасады.

– «Токой башкаруу жоопкерчилигин сертификациялоо» докладчы- Ассоциациянын мүчөсү, ОО «Экогид» адиси  Кенесариева А. -Токой башкарууда жоопкерчиликтин баарын сертификациялоонун керектиги жөнүндө презентациялады;

– «Кыргызстандагы суу пайдалануу: кечээ, бүгүн жана эртең» докладчы – ОО «Суу өнөктөштүгү» менеджери Джайлообаев А.- Кыргызстандын көз карандысыздыгына чейин жана андан кийин өлкөдөгү суу байлыгы тууралуу жана келечеги жөнүндө айтып берди;

– « Кыргыз Республикасында суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу. Кыргызстанда тамчылатып сугаруу тутуму» докладчы– Ассоциациянын мүчөсү, ОО «Экогид» адиси Канатбеков Н. -сууну сарамжалдуу пайдалануу жана тамчылатып сугаруу тутуму жөнүндө маалымат берди;

«Айылдагы аялдарга туруктуу шарт түзүү: ОО «Алга»тажрыйбасы» докладчы – ОО «Алга» программасынын координатору Бакашова А. –  айылдагы социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө жардам көрсөтүү жаатында маалымат берди.

Андан кийин Бишкек шаарындагы Орхус Борбору менен Кыргызстандагы токой пайдалануучулар жана жер пайдалануучулар Ассоциациясынын  ортосунда өз ара аракеттенүү жөнүндө Меморандумга кол коюу салтанаты болуп өттү.

 

20161021_122240

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *