Чүйлүктөр үчүн өткөрүлгөн тегерек стол.

2018-жылдын 22-июнунда «Жанат» мейманканасынын конференц-залында «Чүй областынын айлана чөйрөсү жана анын калктын бакыбаттуулугу үчүн мааниси» темасына арналган тегерек стол өткөрүлдү.

Анын ишине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын кызматкерлери, Чүй областында жайгашкан токой чарбалардын жана парктардын , Экологиялык жана техникалык инспекциясынын Чүй башкармалыгы, ар  кандай өкмөттүк эмес уюмдар жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Иш чаранын негизги максаты катышуучулардын өзгөчө көңүлүн  бура турган региондогу  экологиялык абалдын маселелерин жана көйгөйлөрүн  талкуулоо болуп саналган.

Тегерек столдо региондогу  экологиялык абал жөнүндө Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын начальниги А.А. Кыдыргычев доклад менен чыгып сөз сүйлөдү. Ал катышкандарга башкармалыктын ишмердүүлүгү жөнүндө, өткөн жылдагы аткарган иш аракеттери тууралуу баяндап берди. Ал региондогу  экология  жаатындагы кездешип жаткан көйгөйлөр  боюнча  маалымат берип,  курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча бардык күч аракеттерди жумшап жатышкандыгы жөнүндө маалымат берди  жана   жаратылышты таза калыбында сактоого баардыгын чакырып кетти.

Андан кийин Фрунзе, Ысык-Ата жана Жайыл токой чарбаларынын өкүлдөрү чыгып сөз сүйлөштү, алар өз сөздөрүндө азыркы кездеги токойлордун ээлеген ордун  жана токой аянттарын көбөйтүүнүн зарылдыгы жөнүндө айтып беришти. Өзгөчө алар учурда  токойлорду кыйуу боюнча браконьерлер менен талыкпай күрөш жүргүзүлүп жаткандыгына, жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу керектигине токтолуп кетишти. Токойлорго чыккан эс алуучулар  өздөрүн туура эмес алып жүргөндөн, туристтердин  артынан субботниктерди уюштуруп, таштандыларды чыгарууга туура келип жаткандыгын  баса белгилей кетишти.

Ал эми «Чоң-Кемин»  МЖП өкүлү  жакын жайгашкан айылдардардын тургундары  тарабынан  бактарды мыйзамсыз кыйуу көйгөйлөрү кездешип жаткандыгы жөнүндө айтып берди.

Коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу боюнча экологиялык кызматтардын  калк менен иштеши начар деңгээлде  болгондугу белгиленди,  ошондой эле алар айыл тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөй жаткандыгын белгилей кетишти.

Алар өздөрүнүн билдирүүлөрүндө региондо экологиялык көйгөйлөрдү чагылдырган маалымааттык такталар жок экендигин, телевидение аркылуу экологиялык программаларды  көрсөтүүгө маани берилбегендигин, курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча буклеттер жана баракчалар чыгарылып таратылбагандыгы тууралуу айтып беришти.

Бардык берилген сын пикирлерге экологиялык кызматтар тарабынан канааттандырарлык жооптор айтылды, бул маселелердин чечилиши  боюнча жардам көрсөтүү үчүн  эл аралык уюмдарга кайрылуу  жөнүндө ссунуш киргизилди, анын ичинде  Бишкек шаарындагы Орхус Борборуна дагы кайрылып жаткандыгын билдиришти.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *