Чолпон-Ата шаарында тегерек стол «Ысык-Көл облусунун курчап турган чөйрөсү жана анын калк үчүн мааниси» өттүү

2018-жылдын 7-июнунда Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Ысык-Көлдөгү Орхус борбору уюштурган «Ысык-Көл облусунун курчап турган чөйрөсү жана анын калк үчүн мааниси» деген темада тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Д.Б.Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин экологиялык мониторинг боюнча башкармалыгынын башчысы Б.К.Маматаиров, Бишкектеги Орхус борборунун жетекчиси А.К.Нурбеков, Ысык-Көл биосфералык аймагынын башкы директору И.Т.Сююмбаев, Финляндиянын курчап турган чөйрө институнун башкы техникалык кенешчиси, «KGZ-Вода/Иссык-Куль» долбоорунун менеджери А.Мякеля,  долбоордун кызматкери О.Н.Груздова, «Таза Ысык-Көл» коомдук фондунун жетекчиси А.Шамсутдинов, Ысык-Көл районунун айыл өкмөт башчылары жана пансионаттар менен конок үйлөрдүн жетекчилери катышты.

Тегерек столду Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Д.Б.Иманалиев ачып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, райондогу экологиялык көйгөйлөргө кыскача токтолду. Айыл өкмөт башчыларына, пансионаттардын жетекчилерине тазалык, экология маселелерине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

Андан кийинки сөз алган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин экологиялык мониторинг боюнча башкармалыгынын башчысы Б.К.Маматаиров дагы өз сөзүндө экологиялык маанилүү маселелерге токтолуп, агенттик тарабынан жасалган иштер тууралуу айтып берди.

«KGZ-Вода/Иссык-Куль» долбоорунун менеджерлери А.Мякеля жана О.Груздова тарабынан Ысык-Көл көлүнүн суусунун сапатына мониторинг жүргүзүү, алардын жыйынтыктары, Ысык-Көл облусунун курчап турган чөйрөсү жөнүндө аймактык докладдын даярдалышы тууралуу катышуучуларга маалыматтар берилди.

«Таза Ысык-Көл» коомдук фонду тарабынан дайверлердин катышуусу менен Ысык-Көл көлүнүн түбүн таштандылардан тазалоо боюнча жүргүзүлгөн акциялар жөнүндө фонддун жетекчиси А.Шамсутдинов айтып берип, катышуучуларга Ысык-Көлдүн түбүндөгү таштандылар тууралуу слайд-шоуну көрсөтүштү.

Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов тегерек столдун катышуучуларына Кыргызстандагы Орхус борборлору, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун 2018-жылга иш аракеттери тууралуу малыматтарды берди.

Катышуучулар тарабынан Ысык-Көлдү сактоо, таштандылардан тазалоо, пластик , целлофан баштыктарынын экологияга тийгизген зыяны тууралуу ойлор айтылып, бул маселелерди чечүү боюнча сунуштар айтылды.

Мындан сырткары ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин каржылык колдоосунда, Ысык-Көл районунун айыл аймактарынын, пансионаттар менен конок үйлөр арасында «Кыргызстандын бермети-Ысык-Көлдү сактайлы» аттуу конкурска  расмий старт берилди. Конкурс 2018-жылдын 7-июнунан 2018-жылдын 5-сентябрына чейин уланып, жыйынтыгы 2018-жылдын 14-сентябрында чыгарылат.

Конкурстун женүүчүлөрүн аныктоо төмөнкү номинациялар боюнча аныкталат:

  • эн таза айыл аймагы
  • эн таза пляждык зонасы
  • эн жашыл пансионат ( эн жашыл конок үйү)
  • экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдөгү заманбап технологиялар.

Тегерек столдо көтөрүлгөн маселелердин негизинде катышуучулар тарабынан төмөнкүдөй резолюция кабыл алынды.

  1. Пластик, целлофан баштыктарын пайдаланууга тыюу салууну караган, тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгып кабыл алуу жагы Кыргыз Республикасынын Жогорку кенешине сунушталсын.
  2. Балык уулоочу торлорду Кыргызстандын аймагына ташып кирүүгө тыюу салуу үчүн тиешелуу мыйзамдарга озгортуу киргизуу жагы Кыргыз Республикасынын Жогорку кенешине сунушталсын.
  3. Экологиялык койгойлорду оз убагында чагылдырып туруу жагы Ысык-Кол облустук телерадиокомпаниясынан суралсын.

Ысык-Колдогу Орхус борборунун менеджери  С.С.Турсунакунов.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *