Ысык-Көлдө экологиялык акция өттү

2021-жылга бекитилген иш-чаралардын алкагында, 18-июнь 2021-жылы Ысык-Көлдөгү Орхус борбору Ысык-Көл районунун Чон-Ак-Суу жайлоосундагы Кара көлдүн аймагында таштандылардан тазалоо боюнча акция өткөрдү. Акцияга Темир, Кашат, Григорьевка айылдарынын жаштары, мугалимдери, айылдык кенештин депутаттары жалпы 98 адам катышты. Акциянын алдында Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов катышуучуларга Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун иш-аракеттери тууралуу кыскача маалымат берип, катышуучуларга мээлейлер , таштанды салуучу пакеттер таратылып берилди. Андан сон катышуучулар Чон-Ак-Суу капчыгайын, Кара көлдүн тегерегин таштандылардан тазалашты. Жыйынтыгында 1 тоннага жакын ар кандай таштандылар чогултулуп, Садыр аке айыл өкмөтүнүн техникасы менен чыгарылып кетти.

Жайкы эс алуу сезону жаны гана башталгандыгына карабастан, токойдун арасында, суунун жээктеринде таштандылар көп экендиги өтө өкүнүчтүү. Чон-Ак-Суу капчыгайында таштандылардан тазалоо боюнча ишембиликтер, жаштар тарабынан демилгеленип өткөрүлүп келген, бирок Кара көлгө чейин жол алыс болгондуктан өткөрүлгөн эмес. Григорьевка Темир айылдарынын жаштары бул акцияны уюштуруп, керектүү буюмдар, транспорт каржаттары менен камсыз кылып, демилге көтөргөндүгү үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *