ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Алексей Рогов Нарын мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушуу

2021 -жылдын 12 -октябрында, ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин башчысы, элчи Алексей Рогов Нарын облусуна болгон иш сапарында Нарын мамлекеттик университетине келип, университеттин профессордук – окутуучулук курамы жана студенттери менен болгон жолугушууга катышты.

Жолугушууда НМУнун ректору Байгабыше Э.М.куттуктоо сөзүн сүйлөп, университет жөнүндө кыскача айтып, университеттин ишмердүүлүгү менен тааныштырды. Андан кийин элчи өзү сөз сүйлөп, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин иши тууралуу маалымат берди. Кийинки сөздү АТФ НМУнун деканы Э.Молдалиев алды, ал ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин делегациясын куттуктап, Орхус борборунун ишине салым кошууга даярдыгын билдирди.

Андан кийин сөздү Нарын Орхус Борборунун менеджери С.Калмуратов алып, Орхус Борборунун ишмердүүлүгү жана аймакта болуп жаткан окуялар боюнча презентация жасады. НМУнун мугалими Мамырбаев Адилет үйдөгү тамак -аш калдыктарын кантип туура компост кылуу керек деген теманы сунуштады. Университеттин окутуучусу С.Оморова климаттын өзгөрүшү жана айлана -чөйрөгө тийгизген таасири боюнча презентация жасады. Презентациялардан кийин университеттин бир нече студенттери жана Нарын шаарында жайгашкан Борбордук Азия Университетинин чакырылган студенти сөз сүйлөштү. Жолугушуу жумушчу чөйрөдө өттү жана алып баруучулар тарабынан бир нече суроолор берилип, аларга жооп берилди.

Андан кийин ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи А.Рогов Борбордук Азия Университетинин кампусунда барып, университеттин абалы менен таанышып, кампустун китепканасында адабияттарды окуп, лекциялык бөлмөлөрдү карап, университетин мугалимдер менен жолугушту.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *