Экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө жаштардын орду

2020-жылдын 19-ноябрында он-лайн форматта Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы Жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында “Жаштар жана экология” темасында дебат болуп өттү. Ага КУУнун, ОшМУнун, БатМУнун, ЖАГУнун, ОшТУнун, ОГПИнин, Ош Технологиялык университетинин Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун профессордук-окутуучулар жамааты, студенттери, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жана Орхус борборунун кызматкерлери болуп 37 адам катышты.

Дебатка 2 команда катышты: “Экологдор” командасы, “Экономисттер” командасы. Алар ар биринде 7 ЖОЖдон түзүлгөн 7 студенттен түзүлдү. Мындан сырткары, жеңүүчүлөрдү аныктоо үчүн ар бир аймактагы окутуучулардан турган 7 көзкарандысыз эксперт дайындалды. Уюштуруу комитетинен командаларга 3 тапшырма сунушталды:

– мал чарбачылыгы;

– өсүмдүк өстүрүү;

– жеңил өнөр жайы.

Команда мүчөлөрү шарт боюнча экологиялык жана экономикалык тобокелчиликти аныкташы керек эле.

Дебатты КУУнун “Инновациялык технологиялар” илим изилдөө институтунун директору, б.и.к., профессор Самиева Ж. Т. алып барды.

Иш чара талаш-тартыш, далилдерди келтирүүлөр аркылуу кызыктуу өттү. Жыйынтыгында жеңүүчү болуп “Экологдор командасы таанылды.

Профессордук-окутуучулар курамы, студенттер өткөрүлгөн иш чаранын маанилүүлүгүн белгилешип, дебатты уюштургандыгы үчүн Орхус борборуна ыраазычылык билдиришип, мындан ары кызматташууну сунуш кылышты.

Соңунда атайын комиссия тарабынан дебаттын жеңүүчүлөрү жана 2 команданын активдүү катышуучулары аныкталды. Алар Орхус борборунун, Жаштар иштери боюнча комитетинин баалуу сыйлыктары, дипломдору менен сыйланышат.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *