Экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө жаштардын ролу

2020-жылдын 04-ноябрында Ош шаарында он-лайн форматта “Экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө жаштардын ролу” темасында студенттердин илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Ага Кыргыз-Өзбек университетинин, Ош Мамлекеттик Университетинин, Ош Гуманитардык-Педагогикалык институтунун жана Ош Технологиялык университетинин Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун профессордук-окутуучулар жамааты, студенттери жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин, Жаштар комитетинин жана Орхус борборунун кызматкерлери болуп 72 адам катышты.
КУУнун ректору, э.и.д., проф., УИАнын мүчө-корроспонденти-Райымбаев Ч. К.., КУУнун Илим бөлүмүнүн жетекчиси, т.и.д., проф., УИАнын мүчө корроспонденти-Исманов М. М., Орхус борборунун директору-Исабаев К. И., Жаштар иштери боюнча комитеттин кызматкери Мизамидин у. Б. Жана ЕККУнун кызматкери Мирланбек Осмоновдор конференциянын салтанаттуу ачылуу аземинде республикадагы, дүйнө жүзүндөгү экологиялык абалды баалашып, өткөрүлүп жаткан иш чаранын маанилүүлүгүн белгилешип, конференциянын ишине ийгилик каалашты.
Пленардык отурумга эки баяндама коюлду:

  • «Кайсыл көйгөйлөр маанилүү: Экономикалыкпы же Экологиялыкпы», баяндамачы-б.и.д., проф., Самиева Ж. Т.;
  • «Климаттын глобалдык өзгөрүшү жана анын себептери», баяндамачы-г.и.к., доцент, Камилова Л. Т..

Конференцияда 19 студент баяндамаларын окушту. Бардык баяндамалар кызыктуу болуп, өзүнө аймактардагы курч экологиялык көйгөйлөрдү камтыды.
Соңунда атайын түзүлгөн топ эң жакшы деген алты баяндаманы тандап алышты. Бул баяндаманын ээлери Орхус борборунун, Жаштар иштери боюнча комитеттин баалуу жана акчалай байгелери менен сыйланышат.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *