Экологиялык маалыматтар менен иштөө боюнча тренингтин экинчи бөлүгү

2018-жылдын 15-декабрында ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин каржылоосу  менен Ош шаарында “Маалыматтар менен иштөө: Киришүү, Маалыматтарды издөө жана аларды иштеп чыгуу” деген тренингтин экинчи бөлүгү болуп өттү. Ага Ош шаарындагы Орхус маалымат борборунун жана Регионалдык коомдук экологиялык маалымат борборлорунун кызматкерлери катышышты.

Тренингти маалыматтарды топтоо боюнча серепчи Анастасия Валеева өттү. Тренингтен катышуучулар маалыматтарды тазалоо жана талдоо жөнүндө сабактарды алышты.

Бул пландаштырылган жана үч бөлүктөн турган Экологиялык маалыматтар боюнча иштөө тренингинин экинчи бөлүгү болуп эсептелет.

Ош шаарындагы Орхус борборунун Коомчулук менен иштөө адиси:

Т. Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *