“Экотартип” жана “Бек-Тосот” коомдук фондторунун мүчөлөрүнө өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо боюнча семинарлар өткөрүлдү.

30.08-2022-10.09.2022-жылы Ош облусунун Ноокат, Чоң-Алай райондорундагы жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы “Экотартип”, “Бек-тосот” коомдук фондторунун (КФ) мүчөлөрү үчүн өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо боюнча семинарлар өткөрүлдү.

Бул иш-чараларды Ош шаарындагы Орхус Борбору Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюумунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин “Жашыл экономикага жана айлана чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында уюштуруп, “Экотартип”, “Бек-Тосот” КФнун мүчөлөрү, жергиликтүү активисттер, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин (ЖРЭТКМ) Ош жана Жалал-Абад регионалдык башкармалыктарынын өкүлдөрү болуп жалпысынан 55 киши катышышты.

Семинарларды  Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев ачып, Орхус Борборунун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди. Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким А. Тюкебаев бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп катышуучуларды активдүү катышууга чакырды.

Орхус Борборунун адиси А. Матисаев катышуучуларга “Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо боюнча коомдук бирикмелердин укуктары жана милдеттери”, “Айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдары”, “КР Укук бузуулар жөнүндө кодекси” боюнча кенири презентация жасап толук маалымат берди.

КР ЖРЭТКМ Ош жана Жалал-Абад регионалдык башкармалыктарынын адистери Х. Мурзаев, Т. Каримов жана Б. Жапаров “КР аймагында Аңчылык кылуу эрежелери”, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнү коргоодогу мыйзам бузуу фактылары жана алар менен күрөшүүдөгү жетишкендиктер, боюнча айтып беришти.

Катышуучулар тараптан курч суроолор берилди. Эксперттер толугу менен суроолорго жооп берип,чогуу иш  аракет кылуунун жолдорун талкуулашты. “Экотартип” жана “Бек-Тосот” КФнун мүчөлөрүнө иш пландарды түзүү боюнча консультацияларын беришти.

КР Кызыл Китебине киргизилген  ѳсүмдүктѳрдүн, канатуулардын жана жаныбарладын үч түрдүү 35 комплект плакаттары катышуучуларга таратылды.

Иш-чаранын соңунда К. Исабаев катышуучуларга ыраазычылык билдирип, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташууга дайым даяр экендигин билдирди.

Орхус Борборунун адиси Зайырбеков А.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *