Интерньюс долбоорунун кызматкерлери менен өткөрүлгөн жолугушуу жөнүндө маалымат.

informatsiya-o-provedennyh-vstrechah-sotrudnikov-proekta-internyus

2016-жылдын 16- июнунда Ош шаарындагы Маалыматтык Орхус Борборунда Интерньюс өкүлдөрү – Фарход Рахматов жана Эльмира Джумакадырованын ЭТКМИ регионалдык башкармалыгынын жетекчилери менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда ЭТКМИ регионалдык башкармалыгынын начальниктери Кара-Суу району боюнча Р.З. Юсупов, Араван-Ноокат району боюнча Т.Ш. Осмонов,  Ош ш. боюнча М.Р. Маметов, ошондой эле, КТЧК жана ТЭӨ Ош аймактык башкармалыгынын начальниги катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Интерньюс өкүлдөрү жолугуунун катышуучуларын жаңы долбоордун концепциясы “Азиядакурчап турган чөйрө жана жаратылыш ресурстары маселелерин чагылдыруунун натыйжалуулугу үчүн Медиа” менен тааныштырып кетишти.

Аталган долбоор 18 айга каралган, активдүү фазасы– 12ай, ушул жылдын 1-августунан ишин баштайт.

Долбоор Борбордук Азиядакурчап турган чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча саясатты иштеп чыгаруучуларга жана жарандар үчүн маалыматка жетүүнү жакшыртуу боюнча регионалдык араеттерди бекемдөөгө багытталган.

Долбоор  3 компоненттен турат:

I.Потенциалды өнүктүрүү программасы:

  • Журналистика жана ментор боюнча профессионалдык тренинг;
  • Медиа жана ӨЭУ үчүнтематикалыкбиргелешкенсеминарлар;
  • Контент өндүрүүгө аз өлчөмдөгүгранттар;

II.Регионалдык кызматташтык:

  • Регионалдык экожурналисттер тармагы;
  • Регионалдык тематикалык семинарлар;
  • Регионалдык биргелешкен медиа материалдарды чыгаруу үчүн чыгуулар ;

III. Интерактивдүү инструменттер жана платформалар:

  • Маалыматтарды чогултуу боюнча регионалдык жана өлкөлүктармактар;
  • Онлайн платформаны иштеп чыгаруу жана өнүктүрүү;
  • Эко ӨЭУ жана медиа кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу.

Фарход Рахматов долбоордун алкагында ММК журналисттери, ошондой эле пресс-секретарлар үчүн жана курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы иштеген адистер үчүнтренингдердиөткөрүүмененпотенциалдыжогорулатуукаралыпжаткандыгынбилдирди.

2016-жылдын 17- июнунда саат 10:00 Ош шаарындагы Маалыматтык Орхус Борборунун конференц залында Ош шаарынын журналисттери менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууда көз карандысыз журналисттер Каракозуев Маметжума жана Ибраимов Бакыт, Таджибаева Угулай–Ушсадоси, ЭрмекбаевТолкун – ТРК“Башат”, Полищук Станислав–Эхо Оша, Омурзакова Назгүл–Ошжанырыгы ж.б. катышышты.

informatsiya-o-provedennyh-vstrechah-sotrudnikov-proekta-internyus

Жолугушуунун башында Каныбек Исабаев, Оштогу Орхус Борборунун директорусаламдашуу ирэтинде сөз сүйлөдү, ал журналисттердиИнтерньюс өкүлдөрү менен тааныштырды жана Борбордун иш аракетине кыскача токтолду, ошондой эле 2016-жылда ишке ашырыла турган жаңы долбоорлор жөнүндө айтып берди. Андан кийин сөздү “Азиядакурчап турган чөйрө жана жаратылыш ресурстары маселелерин чагылдыруунун натыйжалуулугу үчүн Медиа”долбоорунун директору Фарход Рахматовго берди. Ал катышуучуларга өзүнүн даярдаган долбоорун презентациялады.

Жолугушуунун катышуучулары абдан активдүү болуп долбоордун бардык 3 компоненти боюнча көптөгөн суроолорду беришти. Интерньюс өкүлдөрү менен жолугушууга шаардын экологиялык ӨЭУ лидерлери келишти, алардын кээ бири Кыргызстандын Түштүгү боюнча регионалдык деңгээлде иштешет.

Алар:

  • Коланов Орунбек –КФ“Экотилектештик”;
  • Стамалиев Кутманаалы –ЭКФ“Табият-Юг”;
  • Айтматов Мурат–ОФMSDSPKG;
  • Аматова Айгерим – Экоклуб«Ак-Буура»;
  • Куванычбеккызы Эльнура- Экоклуб«Ак-Буура»;
  • Маматкулов Орозбай –КФ“Экодемилге”;
  • Жумабеков Тургунбек–КФ«Кожо-Ата»;

Жалпысынан “Азиядакурчап турган чөйрө жана жаратылыш ресурстары маселелерин чагылдыруунун натыйжалуулугу үчүн Медиа” жаңы Интерньюс долбоору жөнүндө маалымат жүргүзүү боюнча бардык жолугушуулар жогорку деңгээлде өткөрүлдү, жолугушуунун катышуучулары бардык суроолорго жоопторду ала алышты жана долбоор жөнүндө кеңири маалыматка ээ болушту.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *