Келечектеги экологдор жана журналисттер үчүн практикалык иштер

2018- жылдын 17- октябрында Бишкектеги ЕККУ Программалык кеңсесинин финансылык  колдоосу астында Бишкек шаарындагы Орхус борбору менен Кыргызстандагы токой пайдалануучулар жана жер пайдалануучулар Ассоциациясы менен биргеликте жүрүшкө чыгып келүүнү уюштурушту жана ошондой эле «Курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы чагылдырылган маселелердин аныктыгы – коомчулук менен туруктуу мамиленин өзөгү» темасына арналган тегерек стол өткөрүштү.

Аталган иш чаралардын катышуучулары болуп  жаш журналисттер жана Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин жогорку курсунун эколог -студентери  саналышты. Иш чара көрсөтмө жайга болгон визиттен, Кыргызстандагы токой пайдалануучулар жана жер пайдалануучулар Ассоциациясынын көрсөтмө жайы  болгон Чүй областынын Аламедин районунун Арашан айылынын четинен башталды. Ассоциациянын өкүлдөрү тарабынан Кыргызстан үчүн жаңылык болгон павлония багынын  жаңы түрүнүн  жаш көчөттөрү отургузулган жерлер көрсөтүлдү.Бул бактардын жаны  алып келинген түрү токой өндүрүшүндө эң чоң маанини ээлейт, анткени бул бактын сорту өтө тездик менен өскөндүгүндө жана ошондой эле  экологиялык жактан абдан маанилүү, өзүнүн жалбырактарынын көлөмү абдан чон болгондугуна байланыштуу, кычкылтекти аябай көп өлчөмдө чыгара алат. Ошондой эле, ал өзүнүн көлөмдүү тамыр системасына ээ болгондуктан селдерден сактоочу бактардын тутумуна  кирет.

Андан кийин катышуучулар ээн болгон жерлерди жашылдандырууну туура көрүшүп, көрсөтмө жай болгон бош жерлерге ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузушту. Катышуучулар андан кийин автоунаалар менен тегерек стол өткөрүлгөн Ассоциациянын кеңсесине келишти. Ал жерден алар Бишкек шаарындагы Орхус борбору менен Кыргызстандагы токой пайдалануучулар жана жер пайдалануучулар Ассоциациясынын жүргүзгөн  ишмердүүлүгү менен, ведомстволук «Асыл жер» газетасы менен  таанышып чыгышты.

Аталган иш чаралардын катышуучулары болуп  жаш журналисттер жана Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин жогорку курсунун эколог -студентери  саналышты.Иш чара көрсөтмө жайга болгон визиттен, Кыргызстандагы токой пайдалануучулар жана жер пайдалануучулар Ассоциациясынын көрсөтмө жайы  болгон Чүй областынын Аламедин районунун Арашан айылынын четинен башталды. Ассоциациянын өкүлдөрү тарабынан Кыргызстан үчүн жаңылык болгон павлония багынын  жаңы түрүнүн  жаш көчөттөрү отургузулган жерлер көрсөтүлдү.

Өткөрүлгөн бардык презентациялардан кийин,  Курчап турган чөйрөнү коргоо жаатына арналган интерактивдүү оюндар уюштурулду,  бардык кытышуучулар төрт топко бөлүнүшүп, ар бир топ берилген темага карата өздөрүнүн долбоорун сунуш кылууга мүмкүндүк  алышты, өткөрүлгөн оюндардын жыйынтыгында жеңүүчүлөр сыйлыктар менен сыйланышты.

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *