Консультативдик кеңеш менен жолугушуу

2018-жылдын 31 декабрында Орхус маалымат борборунун кеңсесинде борбордун кызматкерлери менен Консультативдик кеңештин мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Күн тартибине төмөндөгү маселелер коюлду:

  1. “Экологиялыку өнүгүү” Коомдук фондунун 2018-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчету
  2. 2019-жылга планды талкуулоо
  3. Консультативдик кеңештин ишин талкуулоо.

Орхус борборунун директору К. Исабаев “Кыргызстанда экологиялык коопсуздукка жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкарууга көмөктөшүү”, “Борбордук Азиядагы уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыктар тараптарды катыштыруу” долбоорлорунун алкагында жана Орхус конвенциясын Кыргызстанда ишке ашырууда аткарылган иш чаралар жөнүндө маалымат берди жана 2019-жылга каралган иш чаралар менен катышуучуларды тааныштырды.

Жогорудагы аталган эки долбоордун алкагында аткарылган иш чаралар:

  1. Жалал-Абад облустук мергенчилер жана балыкчылар коому менен биргеликте Ала-Бука районунун, Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын мергенчилер коомунун мүчөлөрүнө семинар өтүлдү. Окууда мергенчилик жаатындагы укуктук ченемдик актылар жана жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо боюнча катышуучулар маалымат алышты.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Ош жана Жалал-Абад аймактык башкармалыктары менен биргеликте башкармалыктардагы токой чарбаларынын, жаратылыш парктарынын жана заказниктеринин токой сактоо инженерлерине семинар өткөрүлдү. Семинарда инженерлер жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо боюнча укуктук ченемдик актылар менен таанышып, мыйзам бузуучуларга карата тиешелүү документтерди толтурууну үйрөнүштү.
  3. “Борбордук Азиядагы уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыктар тараптарды катыштыруу” долбоорунун алкагында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, НПОлор, жаштар, жергиликтүү жашоочулар үчүн Радиациялык коопсуздук, Коомдук мониторинг, Коомдук угуулар, Курчап турган чөйрөну коргоо жаатындагы стратегиялык пландоо, Долбоорду иштеп чыгуу жана Кен байлыктарды пайдалануу боюнча семинарлар өткөрүлдү. Бул семинарлар учурунда тиешелүү темаларга байланышкан укуктук ченемдик актылар боюнча билим алышты.
  4. Жогоруда аталган иш чараларды аткарууда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын регионалдык башкармалыктары, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин аймактык башкармалыктары, Бейөкмөттүк уюмдар жана Массалык маалымат каражаттары өнөктөш катары катышышты.
  5. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылоосу менен төмөндөгү басылмалар жарык көрдү:

– Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы укуктук ченемдик актыларынын жыйнагы;

– “Мергенчилик минимуму” колдонмосу кыргыз тилинде;

– “Радиациялык коопсуздук” окуу куралы;

– “Ар бирибиз билишибиз керек” эскертмеси.

Бул басылмалар учурда өнөктөштөргө жана кызыктар тараптарга таратылууда.

  1. “Борбордук Азиядагы уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыктар тараптарды катыштыруу” долбоорунун 1-чи фазасынын алкагында Майлуу-Суу шаарынан, Шекафтар жана Мин-Куш айылдарынан тартылган видеотасма даярдалып жергиликтүү каналдар аркылуу көрсөтүлдү. Бир радиациялык коопсуздук боюнча анимациялык тасма кыргыз тилине которулду.

Ийгиликтүү кызматташкандыгы, окууларды өткөргөндүгү, маалыматтарды таркаткандыгы, кызыктар тараптардын потенциалын жогорулаткандыгы үчүн Орхус борбору Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана бейөкмөттүк уюмдардын ыраазычылык каттарына татыктуу болду

2019-жылга Экологиялык жана техникалык инспекциясынын аймактык башкармалыктарынын инспекторлорун окутуу, Жогорку окуу жайлардын биология жана экология факультеттеринин студенттеринин арасында илимий конференцияларды, дебаттарды уюштуруу жана өткөрүү, экологиялык журналистика боюнча регионалдык жана республикалык конкурстарды өткөрүү, Майлуу-Суу шаарындагы, Мин-Куш айылындагы калыбына келтирүү жумштары менен жана бул жерлердеги ЕККУнун каржылык колдоосу менен ачылган Коомдук экологиялык маалыматтык борборлордун иши менен тааныштыруу максатында Тажик жана Өзбек Республикаларынын Орхус борборлорунун жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин иш сапарын уюштуруу маселери каралган.

Борбордун директору сөзүн аяктагандан кийин катышуучулар борбордун 2018-жылда аткарган иштерин жана 2019-жылга пладаштырган иш чараларын талкуулашты. Аткарылган иштер боюнча суроолорду беришти, жана ар бир иш чараны массалык маалымат каржаттарында чагылдырып турууну сунуш кылышты. Ал эми бул курчап турган чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздук боюнча маалыматты жашоочулар арасында таркатууга жана маалыматка жетүү мүмкүнчүлүктү жогорулатууга шарт түзөт.

Жыйында тараптар Орхус конвенциясын ишке ашырууда өз ара жардамдашуу жана өткөрүлгөн иш чараларды массалык маалымат каражаттарында чагылдыруу боюнча кызматташуга макулдашышты.

Катышуучулар мүчөлөрдүн жыйынга такай катышуусун камсыздоо максатында Консультативдик кеңештин курамын жаңылоону сунуш кылышты жана жаңылашты.

Аягында борбордун директору кеңештин мүчөлөрүнө борбордун ишине активдүү катышкандыгы жана Кыргызстанда Орхус конвенциясын ишке ашырууда кошкон чоң салымдары ыраазычылык билдирди.

 

Орхус маалымат борборунун коомчулук менен иш алып баруучу адиси, Тургунбек Жумабеков.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *