Коомдук экологиялык маалыматтык борборлордун ачылышы жөнүндө маалымат.

img_9231

2016-жылдын 26-30-сентябрында Бишкек шаарындагы ЕККУ Борборунун финансылык колдоосу алдында Ош шаарындагы Орхус Борбору тарабынан Жалалабад областынын Чаткал  районунун Шекафтар селосунда жана Нарын областынын  Жумгал районунун Мин-Куш селосунда Коомдук  Экологиялык Маалыматтык Борбордун расмий  ачылышы болуп өттү.

    img_9261
Аталган борборлор «Борбордук Азиядагы уран хвостохранилищалары менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыкдар болгон тараптарды тартуу» долбоорунун алкагында ачылган.

Аталган расмий  ачылышка жергиликтүү өзүн өзү башкаруу башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү Кеңештин депутаттары, жаштар комитетинин, Аксакалдар кеңешинин, жалпы маалымат каражаттарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун директору Исабаев К. долбоор жөнүндө кыскача маалымат берип,  катышкандарга болжолдонуп жаткан иш чаранын маанилүүлүгү  тууралуу түшүндөрмө берди.

img_9315

Аталган борборлор  жер жерлерде курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык  коопсуздук камсыз кылуу  жөнүндө коомчулукту кабардар кыла тургандыгын ал өз сөзүндө айтып берди. Борбордун милдетине курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча  тренингдерди, консультацияларды жана башка иш чараларды өткөрүү кирет.

Катышуучулар Коомдук  Экологиялык Маалыматтык Борборунун ишине жетишкендиктерди каалашты жана борборго    заманбап  оргтехника жана кеңсе эмеректери орнотулгандыгы үчүн Бишкек шаарындагы Орхус Борборуна  ыраазычылык билдиришти.

Мындан тышкары, аталган жолушушууларда уран калдыктарын  рекультивацииялоо долбоорундагы ОВОС боюнча коомдук угуулардын форматын жана убагын талкуулоо болду.

Исабаев К., Соронкулов Г..

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *