Кум-шагыл аралашмасын казып алууга байкоо жүргүзүү

2021-жылдын 19-майында  Базар-Коргон районунун аймагында Орхус Борбору тарабынан кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо боюнча  КР Ѳкмѳтүнүн №43-токтомун жеткирүү максатында жолугушуу жана байкоо жүргүзулдү. Бүл иш-чара  “Жашыл экономикага жана айлана чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында уюштурду.

Алгач Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясында уюштуруу бѳлүмүнүн башчысы Ш. Сагынов менен  райондун аймагында айлана – чѳйрѳнү коргоо, экологиялык коопсуздукту камсыз кылууда Орхус Борбору менен кызматташуу жана болочоктогу чогуу аткарылуучу иш пландар талкууланды. Андан соң КР Ѳкмѳтүнүн №43-токтомунун аткарылуусу боюнча жолугушуу ѳткѳрүлду. Бул жолугушууга Мамэкотехинспекциянын  Майлуу-Суу, Базар-Коргон жана Ноокен райондору  боюнча региондор аралык башкармалыгынын кендерди иштеттүү жана ѳндүрүштүк коопсуздукту камсыз кылуу боюнча башкы инспектору Т. Анарбаев, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш бѳлүмүнүн жетектѳѳчү адиси Б. Базаркулов, Базар-Коргон районунун Ѳзгѳчѳ кырдаалдар бѳлүмүнүн башчысы Ж. Матназаров жана Орхус Борборунун ѳкүлдѳрү К. Исабаев, А. Матисаев катышышты.

Жолгушууда К. Исабаев КР Ѳкмѳтүнүн №43-токтомуна токтолуп, райондун аймагында токтомду аткарууда мамлекеттик органдардын, Айыл Ѳкмѳттѳрүнүн жана катышуучулардын ордун белгиледи.

Б. Базаркулов 2019-жылдан бери КР Ѳкмѳтүнүн №43-токтомунун негизинде райондо 24 ишкерге күбѳлүк берилип, мамлекеттик каттоодон ѳткѳндүгү боюнча маалымат берди. Сайдыкум айылында дарыя деңгээли жер кыртышынан 1 м. жогорулаганын билдирди.Бул кѳйгѳйдү чечүү максатында   кум-шагыл аралашмасын Сайдыкум айылынын аймагынан алууну сунуштады. Райондун кѳпчүлүк Айыл Ѳкмѳттѳрүнүн аймактары  жаратылыш мүнѳздѳгү ѳзгѳчѳ кырдаалдарга  жана селдерге дуушар экендигин белгилеп ѳттү.

Т. Анарбаев мыйзамсыз кум-шагыл аралашмасын иштеткен ишкерлер менен  Мамэкотехинспекция жана айыл ѳкмѳт башчылары иш алып бараарын жана  Базар-Коргон районунун акиминин буйругунун негизинде милдеттендирилгенин билдирди. Ошондой эле ал Кара-Үңкур дарыясына курулган плотинадан баштап Сайдыкум айылына чейинки аралыкта кум-шагыл аралашмасын алууга тыйуу салынгандыгы боюнча маалымат берди.

Ж. Матназаров кум-шагыл алынган жерлерди калбына келтирүү, дарыянын четтерин жашылдандырып пайдалануу максаттында жергиликтүү тургундарга бѳлүп берүү жана кээ бир тургундардын техникалык коопсуздукту сактабай дарыянын жээгине жакын куруу иштерин жүргүзүп жаткандыгына байланыштуу баардык тийиштүү мамлекттик органдардын жана Айыл Ѳкмѳттѳрүнүн катышуусунда жыйын ѳткѳрүүнү сунуштады. Бүгүнкү күнү дарыялардын жээктеринде, суу коргоо зоналарында талаптар сакталбай жеке үй жана ѳндүрүштүк объектилер куруу фактылары кѳбѳйүп баратканын белгиледи. Кум-шагыл алууда ишкерлер тарабынан  туура эмес иш алып баргандыгына байланыштуу суу жээгиндегеи сактоочу дамбалардын бузулгандыгын белгиледи.

Жыйындан кийин катышуучулар Кара-Үңкүр дарыясында байкоо жургузуу убагында «AzVirt» ЖЧКсы тарабынан мыйзамсыз кум-шагыл жүктѳп жаткан фактысы аныкталды жана компаниянын ѳкүлүнѳ кум-шагыл иштеттүүдѳ түшүндүрүү иштери жүргүздү жана кум-шагыл алуу токтотулду. Ошондой эле жергиликтуу тургундардын кум-шагыл ташууда жолдун чаңуусуна байланыштуу жазган арызын Базар-Коргон шаарын мэриясы менен биргеликте чогуу изилдѳѳ жүргүзүлдү. Байкоо кезинде жолдордо чаңдарды басуу максатында суу себилип тургандыгы аныкталды жана бул жолдо компания тарабынан асфальттоо иштери каралгандыгы белгиленди. Кара- Үңкүр дарыясынын эки жак бетинде жээктин бузулган фактылары аныкталды жана КР ѲКМ тарабынан тосмолор курулуп жаткандыгы белгилүү болду.

Жыйындын катышуучулары тарабынан кум-шагыл аралашмасын иштетүүнү иреттѳѳ максатында райондук деңгээлде атайын комиссия түзүп, туруктуу текшерүүлѳрдү жүргүзүү сунушталды.

Базар-Коргон райондук адмистрациясына, шаардык мэрияга, Мамэкотехинспекциянын  Майлуу-Суу, Базар-Коргон жана Ноокен райондору  боюнча региондор аралык башкармалыгына,Сайдыкум айыл ѳкмѳтүнѳ жана «AzVirt» ЖЧКна КР Ѳкмѳтүнүн №43- токтому жана жобосу тапшырылып, адистер тарабынан кеңештер берилди.

Матисаев А. Орхус Борборунун адиси.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *