Курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы Улуттук жана Эл аралык укуктук ченемдик актылар

2020-жылдын 15-октябрында Ош шаарында “Экологиялык укук, курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы Эл аралык конвенциялар жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары” тренинги болуп өттү. Тренинг Ош шаарындагы Орхус борбору тарабынан Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Жаштар иштери боюнча комитети жана Экотехинспекциянын Ош шаары боюнча Региондор аралык башкармалыгы менен биргеликте уюштурулду. Ага Экологиялык клубдун мүчөлөрү, Экотехинспекциянын Ош шаары жана Араван-Ноокат райондору боюнча Региондор аралык башкармалыктарынын инспекторлору болуп 10 адам катышты.

Тренинг учурунда катышуучуларга Орхус конвенциясы тууралуу кеңири маалымат берилди, алар менен курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы КРнын укуктук ченемдик актылары жана Эл аралык конвенциялар талкууланды. Аларга курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы КРнын мыйзамдарынын жана Эл аралык конвенциялардын жыйнактары көрсөтүлдү.

Экотехинспекциянын инспекторлору Матысаков А. жана Асанканова Э. инспекциянын ишмердүүлүгүнө,  иштөө усулдарына кеңири токтолушуп, иш мезгилиндеги кызыктуу окуялар жөнүндө айтып беришти.

Соңунда бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *