Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негиздери боюнча экологиялык тренинг

2018-жылдын 27-октябрында Бишкек шаарындагы  «Плаза» отелинин конференц-залында Бишкектеги Орхус Борборунун жана «Кыргызстандын суу өнөктөштүгү» уюму тарабынан уюштурулган «Суу ресурстарын пайдалануу жаатында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын обзору» темасында экологиялык тренинг өткөрүлдү.

Тренингдин ишине Улуттук агрардык университеттин жана «Кыргызстандын суу өнөктөштүгү» уюмунун өкүлдөрү катышышты.   Орхус Борборунун консультанты адвокат – В. Болтобаева  жана Борбордук Азия жана Казахстандын Глобалдык суу өнөктөштүгүнүн регионалдык координатору Джайлообаев тренингдин тренерлери  болушту.

Тренингдин ишинин башында Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун жетекчиси А.Нурбеков жана «Кыргызстандын суу өнөктөштүгү» уюмунун өкүлү С. Турдукулова куттуктоо сөздөрү менен чыгып сүйлөштү.

Алар өздөрүнүн сөзүндө тренингдин  катышуучулары менен саламдашуу ирээтинде кайрылышты, өздөрүнүн уюмдары жөнүндө кыскача токтолуп өтүштү жана аталган иш чаранын мааниси жөнүндө катышуучулардын бардыгына маалымат берип кетишти.

Андан кийин тренерлер өздөрүнүн презентацияларын сунушташты:

В. Болтобаева  –  «Кыргыз Республикасындагы экологиялык мыйзамдуулукту колдонуунун  сапаттуулугу» темасына, ал эми Джайлообаев – «Кыргыз Республикасындагы суу мыйзамдуулугу- суу байлыгын пайдаланууну туура жөнгө салуунун мисалы» темасына арнады.       Презентациялардын жыйынтыгында сунушталган материалдар боюнча тажрыйба жүзүндөгү оюндар уюштурулду. Бул иш чаранын аягында топтордун жетекчилери өздөрүнүн материалдары боюнча тренингдин  катышуучуларына презентацияларын сунушташты.

 

 

Ар бир каралган кейс боюнча талкуулар жүргүзүлдү, сын пикирлер жана кеңештер берилип сунуштар айтылды. Бардык маселелер каралып бүткөндөн кийин сунушталган материалдар  боюнча талкуулар өткөрүлдү. Н.Скрябин атындагы Улуттук агрардык университеттин «Гидромелиорация, экология жана жерге орноштуруу» факультетинин  деканынын орун басары Б.О. Аскаралиев сөз сүйлөп уюштуруучуларга алар тарабынан уюштурулган тренинг үчүн ыразычылыгын билдирип кетти. Ал өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жана мыйзамдарын өз ишинде колдонуу мүмкүндүгү түзүлгөндүгүн баса белгиледи. Тренингдин аягында уюштуруучулар тарабынан тренингдин катышуучуларына аталган окууларга катышкандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *