Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана Техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын Региондор аралык башкармалыктары менен кызматташуу

2020-жылдын 09-сентябрында Ош шаарындагы Орхус борбору Экотехинспекциянын Майлуу-Суу, Кочкор-Ата шаарлары жана Ноокен, Базар-Коргон райондору боюнча региондор аралык башкармалыгында жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда жетекчилик жана инспекторлор менен экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кызматташуу маселери талкууланды. Катышуучулар Орхус борборунун ушул багыттагы ишмердүүлүгү менен кыскача таанышышты. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча биргеликте 2021-жылга аткарылуучу иш мерчеми талкууланды. Жолугушууда катышуучуларга ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен 2020-жылы чыгарылган “Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо багытындагы мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү укуктук-ченемдик актылардын жыйнагы” таркатылды. Башкармалыктын жетекчилиги жана инспекторлору жыйнак үчүн ыраазычылык айтышып, кызматташууга жана биргеликте аткаруу үчүн иш чаралар боюнча сунуштарын берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

 

Коомчулук менен иш алып баруу боюнча адис,

Т. Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *