Кыргызстанда үчүнчү Орхус Борбору ачылды

2017-жылдын 9-ноябрында Бишкек шаарындагы Орхус борборунун филиалы болгон- Ысык-Көлдүк Орхус Борборунун ачылышы болуп өттү.

Ачылуу аземинде Бишкектеги ЕККУ Борборунун    программалык офисинин башчысы, элчи, мырза Пьер фон Аркс, Бишкектеги ЕККУ Борборунун программалык офисинин ага кеңешчиси   Нана Бурамидзе, Курчап турган чөйрөнү коргоо маселери боюнча кеңешчиси  Д.Прудцких, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун  басары А.Рыспеков, Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Д.Иманалиев, Бишкек  шаарындагы Орхус Борборунун жетекчиси А.Нурбеков,  региондордун бардык экологиялык кызматтары, өкмөттүк эмес уюмдардын жана коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

Борбордун расмий ачылуу аземинен кийин  «Ысык-Көлдүк Орхус борборунун ачылышы – Кыргызстанда Орхус Конвенциясынын негизги принциптеринин жетишкендиктеринин натыйжалуу болуусунун ишенимдүү кадамы» темасына арналган тегерек стол өткөрүлдү.

Тегерек столдун ишинин башталышында чакырылган коноктор өздөрүнүн куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөштү, алар өз сөзүндө Орхус борборлорунун тармактарын  кеңейтүүнүн зарылдыгы жана  кезектеги кеңсенин ачылуусунун маанисин белгилеп өтүштү.

Борбордун ачылышындагы бардык чыгып сүйлөгөндөр тарабынан  региондогу курчап турган чөйрөнү коргоо маселелериндеги бир катар көйгөйлөрдүн болуп жаткандыгын жана аларды чечүүдө  мамлекет тарабынан дагы коомчулук тарабынан дагы жемиштүү жана маанилүү чараларды кабыл алуунун керектиги келип жеткендигин баса белгиленип кетти.

Тегерек столдун жүрүшүндө  коомчулукту  курчап турган чөйрөнү коргоо маселелериндеги чечкиндүү чараларды көрүүгө тартуунун керектигин баса белгилөө менен, регионго келген адамдарга жана региондун бардык жашоочулары үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берүүнүн зарылдыгын жана коомчулук менен  биргеликте  аракеттерди көрүүнүн жолдорун, чыгып сүйлөгөндөрдүн бардыгы айтып өтүштү.

Албетте, бул маселеде Ысык-Көлдүк Орхус борборунун аткара турган  негизги  орду белгиленет.

Андан кийин тегерек столдогу  презентациялар өткөрүлдү, биринчилерден болуп Кыргызстандагы Орхус Конвенциясынын координатору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин   экологиялык  стратегия жана саясат башкармалыгынын башкы адиси   Н.Байдакова сөз сүйлөдү, ал өз сөзүндө тегерек столдун катышуучуларына Кыргызстандагы Орхус Конвенциясын ишке ашыруу жөнүндө, Конвенциянын жоболору жана милдеттери тууралуу кенен маалыматты баяндап берди.

Бишкек  шаарындагы Орхус Борборунун жетекчиси А.Нурбеков  Бишкек  шаарындагы Орхус Борборунун  алып барып жаткан иштери, жүргүзүлгөн иш аракеттери  тууралуу жана келечекте аткара турган планы жөнүндө маалыматтар боюнча тегерек столдун катышуучуларына презентация жасады.

Ал өзүнүн сөзүндө азырынча Ысык-Көлдүк Орхус борбору Бишкек  шаарындагы Орхус Борборунун расмий филиалы болуп саналат жана анын андан ары  иштеп кетүүсүндө ага бардык тараптан колдоо көрсөтүүлөөрүн белгилеп кетти.

Ысык-Көлдүк Орхус борборунун  координатору  С.Турсунакунов тегерек столдун катышуучуларын келечекте ишке ашырыла турган иштердин негизги багыттары жана иш чаралардын планы жөнүндө тааныштырып өттү.

Тегерек столдун экинчи бөлүмүндө   Бишкектеги ЕККУ Борборунун  программалык офисинин консултанттары   А.Аламанов жана  Г.Борубаева «Курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында саясат жана институционалдык алкактык  обзор жана Ысык-Көл областында аларды каржылоо» темасына презентациялоону өткөрүштү.Алар тегерек столго катышып отургандарга региондогу өткөрүлгөн  анализдердин жыйынтыктары жөнүндө жана  экологиялык иш чараларды каржылоону жакшыртуу боюнча   республикалык бюджет тарабынан, ошондой эле жергиликтүү фонддордун  бюджетинен кароо боюнча өздөрүнүн  рекомендацияларын беришти.

Тегерек столдун ишинин аягында катышуучулар тарабынан экология маселелериндеги көйгөйлөр жөнүндө талкуу болуп өттү. Ысык-Көлдүн тазалыгы жана аны сактоо жөнүндө, курчап турган чөйрөнү коргоо маселелеринде  жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштери жөнүндө, экологиялык түзүмдөр, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү  жана региондогу экологиялык абалды жакшыртуу боюнча экологиялык кызматтардын ордун, ошондой эле  Ысык-Көлдүк Орхус борборуна  өзүнүн  рекомендацияларын жана сунуштарын беришти.

Тегерек столдун аягында өкмөттүк эмес уюмдардын жана коомчулуктун өкүлдөрү Ысык-Көлдүк Орхус борборунун офиси менен таанышып чыгышты.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *