Кыргызстандагы суу көйгөйлөрү боюнча өткөрүлгөн тегерек стол.

2018-жылдын 30-июнунда «Жанат» мейманканасынын конференц-залында Бишкек шаарындагы Орхус Борбору тарабынан  «Улуттук суу өнөктөштүгү» Коомдук Бирикмеси менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин  жана Бишкек шаарындагы ЕККУ  Программалык  офисинин колдоосу астында « Кыргыз Республикасынын суулары жана суу коопсуздугу» темасында тегерек стол өткөрүлдү.

Аталган иш чаранын негизги максаты кызыкдар болгон тараптар менен биргеликте, Кыргызстандагы суу көйгөйлөрү, суунун  учурдагы көлөмүн сактап калуу, келечектеги суу запастары жөнүндө талкулоо жүргүзүү жана суу коопсуздугу боюнча маселелерди чечмелөө болгон. Тегерек столдун негизги докладчысы «Улуттук суу өнөктөштүгү» Коомдук Бирикмесинин регионалдык координатору А.Джайлообаев болду, ал өзүнүн 2 презентациясын жасады, ал эми  презентациялары төмөндөгүдөй темада аталды:

  • «Кыргызстандагы суу коопсуздугунун элементтери жана  түшүнүктөрү»;
  • «Кыргызстандагы суу коопсуздугунун көрсөткүчтөрүн башкаруу боюнча  чечимдерди кабыл алуу үчүн пайдалануу».

Аталган презентацияларда докладчы бүгүнкү күнгө карата суунун запасынын көлөмүн жана учурдагы абалын, региондор боюнча ичилүүчү суулардын көлөмүн, өнөр жайларынын керектөөсү үчүн колдонулуучу суунун запасын иликтеген материалдарды жана сууну сактоо көйгөйлөрү боюнча, суунун абалы жана суулардын запасы боюнча мамлекеттик эсеп жүргүзүүнү камтыган маалымат менен тааныштырды. Андан кийин бирикме тарабынан сууну кандайча пайдалануу жана сууга кандай мамиле жасоо керектиги жөнүндө маалымат менен «Улуттук суу өнөктөштүгү» Коомдук Бирикмесинин координатору К. Мусабаева чыгып сүйлөдү. Ал дагы өзүнүн 2 презентациясын жасады, анын жасаган   презентациялары төмөндөгүдөй темада аталды:

  • « Таза ичилүүчү сууга жеткиликтүүлүк боюнча гендердик маселелер»;
  • «2018-2028-жылга карата он жылдык эл аралык «Суу – туруктуу өнүгүү үчүн» аракет жасоо боюнча жогорку деңгээлдеги Эл аралык конференция жөнүндө маалымат».

Өзүнүн презентацияларында ал  региондордо жана  жалпы эле Кыргызстан боюнча  ичилүүчү сууларды пайдаланууда гендердик катышуу жөнүндө эксперттер тарабынан чогултулган тастыкталган документтерди сунуштады. Ал өз сөзүндө сууну тиричилик жана өнөр жайлык керектөөлөргө пайдалануу боюнча чечимдерди кабыл алууда аялдардын катышуусу жана  ичилүүчү сууларды пайдаланууда санитардык ченемдердин сакталышы боюнча көйгөйлөргө токтоло кетти. Ошондой эле ал планетадагы суу запастарын сактоодогу эл аралык иш аракеттерге  өлкөлөр тарабынан катышуу, улуттук кызыкчылыктардын денгээлинде сууну сарамжалдуу пайдалануу боюнча чечимдерди кабыл алуулар керектигин айтып өттү. Тегерек столдун ишинин жүрүшүндө Бишкек шаарындагы Орхус Борбору тарабынан  презентация сунушталды, анда Орхус Конвенциясы жөнүндө Кыргызстандагы Орхус Борборлорунун  жүргүзгөн иши жана аны  ишке ашыруу боюнча кыскача маалымат берилди.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *