Маалыматтар менен иштөө боюнча катар тренингтер башталды

2017-жылдын 19-декабрында ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин каржылоосу  менен Ош шаарында “Маалыматтар менен иштөө: Киришүү, Маалыматтарды издөө жана аларды иштеп чыгуу” деген тренинг болуп өттү. Ага Ош шаарындагы Орхус маалымат борборунун, Майлуу-Суу шаарындагы, Мин-Куш жана Шекафтар айылдарындагы Коомдук экологиялык маалымат борборлорунун жана  ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин кызматкерлери катышышты.

Тренингти маалыматтарды топтоо боюнча серепчи Анастасия Валеева өттү. Тренингтен катышуучулар маалыматтар менен иштөө, маалыматтарды сактоо жолдору, маалыматтардын түрлөрү, экологиянын тарыхындагы маалыматтар, маалыматтарды пайдалануу жана иштеп чыгуу жөнүндө сабактарды алышты.

Бул пландаштырылган жана үч бөлүктөн турган Экологиялык маалыматтар боюнча иштөө тренингинин биринчи бөлүгү болуп эсептелет.

Ош шаарындагы Орхус борборунун Коомчулук менен иштөө адиси:

Т. Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *