Майлуу-Суу шаарынын кандай өнүгүү потенциалы бар?

Майлуу-Суу – 22 миң калкы бар Жалал-Абад областындагы кооз шаар. Шаардын чакан ГЭСтерди курууга, айнек өндүрүшүн кеңейтүүгө, жүн, курулуш материалдарын жана чакан өндүрүштүн башка түрлөрүн өнүктүрүүгө зор потенциалы бар.

Бүгүн Майлуу-Суу шаарын өнүктүрүү форуму болуп өттү – анын максаты шаардын инвестициялык потенциалын жогорулатуу.

Форумга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Улуттук инвестиция агенттигинин, Майлуу-Суу шаардык мэриясынын, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Еврокомиссия жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле форумдун алкагында Майлуу-Суу шаарынын жана Кыргызстандын уран мурастарынын тарых музейи ачылылды. Бул дагы туризмди өнүктүрүүгө жана шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошот.

Форум Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын, КР Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттигинин жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин биргелешкен аракети менен уюштурулду.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *