Минкуш селосундагы Волонтерлор үчүн өткөрүлгөн радиациялык коопсуздук боюнча тренинг

 

2017 –жылдын 24 -июнунда  Ош шаарындагы Орхус борборунун ЕККУ Программалык офисинин финансылык колдоосунун астында  Нарын областынын Жумгал районунун Минкуш селосунда  тренер-волонтерлор үчүн «Майлуу-Суу шаарындагы, Мин-Куш жана  Шекафтар айылындагы  радиациялык коопсуздук» темасында тренинг уюштурулуп өткөрүлдү.

Аталган тренинг  «Борбордук Азиядагы уран калдыктары менен байланышкан, көйгөйлөрдү чечүүдө кызыкдар болгон тараптарды тартуу» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.Тренингдин ишине  10 адам катышышты. Тренингдин ишин Ош шаарындагы Маалыматтык Орхус борборунун директору  К. Исабаев ачып берди.

Ал долбоор жөнүндө, маалыматты жайылтууда волонтерлордун ээлеген орду жөнүндө, жеринде радиациялык коопсуздук боюнча тренингдерди өткөрүү боюнча кенен маалымат берип кетти. И.Т.Жумабеков өз сөзүндө тренингдин катышуучуларын   «Орхус конвенциясынын» тарыхы, принциптери, максаты жана элементтери жөнүндө тааныштырып кетти. Ал негизинен коомчулуктун экологиялык маалыматтарга жеткиликтүүлүк укугун, курчап турган чөйрөнү коргоо жана сактоо маселелеринин чечүүдө жарандардын катышуу укугу жана ушул маселелерди чечүү үчүн сот адилеттигине жетүү укугу жөнүндө кенен тааныштырып кетти.

Тренингди  ЮО НАН КР  медициналык көйгөйлөр Институтунун кызматкери  Ж. Мадыкова алып барды.

Тренингдин сессияларында  ал радиациялык фон жөнүндө теманы козгоп,  радиациялык фондун ченемдерин,  уран калдыктарынын курчап турган чөйрөгө тийгизген терс таасирлери жөнүндө,   радиоактивдүү калдыктар менен коопсуздук принциптердин негизинде мамиле жүргүзүү тууралуу, уран өндүрүш объекттериндеги санитардык эрежелер жана ченемдер тууралуу,  адамдын организмине радиациянын тийгизген терс таасири  жана анын көйгөйлөрү жөнүндө, саламаттыкты сактоо боюнча медициналык көйгөйлөр Институтунун рекомендациялары тууралуу, радиациялык коргоо жана Кыргыз Республикасындагы радиациялык коопсуздук жаатында мыйзамдык базалары тууралуу терең түшүндүрмө берип кетти.

Мин-Куш селосунун Коомдук  Экологиялык Маалыматтык Борборунун жетекчиси: А. Нарынбаев  Мин-Куш селосу боюнча «Борбордук Азиядагы уран калдыктары менен байланышкан, көйгөйлөрдү чечүүдө кызыкдар болгон тараптарды тартуу» долбоорунун алкагында  2016-2017-жылдар аралыгындагы борбордун жүргүзгөн ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.Тренингдин аягында катышуучулар тарабынан берилген ар түрдүү суроолорго   толук жана түшүнүктүү жоопторду алышты.

Волонтерлордун биология, химия, экология жана физика боюнча мектептердин мугалимдери  жана  лицейлердин окутуучулары болгондугунан, алар үчүн тренинг өтө кызыктуу жана түшүнүктүү болду. Тренингдин ишинин соңунда катышуучулар   волонтер болууга өздөрүнүн макул экендигин билдиришти, алар долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө жана  тренингден алган билимдерин окуучуларга жана  студенттерге үйрөтүүгө кызыкдар болгондугун айтышты. Радиациялык коопсуздук боюнча тренингдин катышуучуларына, волонтерлорго тренинге катышкандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды.

 

Т.Жумабеков.

Ош шаарындагы Маалыматтык Орхус борборунун коомчулук менен иштөө боюнча адиси.

29.06.2017 –ж.

 

 

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *