ММК өкүлдөрү менен Press café өткөрүү

provedenie-press-cafe-s-predstavitelyami-smi2

2015-жылдын 12-ноябрында Бишкек жана Ош шаарындагы Орхус Борборлорунун жетекчилери, Орхус Конвенциясынын Улуттук координатору Н.Байдакова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун соту Д.Арстанбаева жана Кыргыз Республикасынын Массалык Маалымат Каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу болуп өттү. Аталган жолугушуу Бишкектеги ЕККУ Борбору тарабынан уюштурулган. Жолугушууда Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун тренерлери В. Болотбаева жана Искендер Эсен катышышты.

ММК өкүлдөрү үчүн, курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы иштердин абалы жөнүндө, Кыргыз Республикасында Орхус Конвенциясынын жоболорун жана принциптерин ишке ашыруу жөнүндө, экология жаатындагы иштерди кароо боюнча соттук корпустун иштери жөнүндө, мыйзамдарды демилгелеп жылдырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин негизги багыттары жөнүндө, Орхус Борборлорунун ишмердиги жөнүндө маалыматтар берилди.

ММК өкүлдөрү тарабынан жолугушуунун катышуучуларына курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы көйгөйлөргө тийиштүү республиканын жарандарынын экологиялык укук бузулуулары боюнча, калктын экология жаатында маалыматтуулукка жеткиликтүүлүүгү боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө, Орхус Борборлору өздөрүнүн милдетин аткаруу боюнча кайсы методдорду колдонуп жаткандыгы тууралуу бир канча суроолор берилди. Жолугушуунун 2саат аралыгында экология жаатындагы көйгөйлөр талкууланды, өлкөдө Орхус Конвенциясын ишке ашырууну эске алуу менен, экологиялык маалыматтуулукка жеткиликтүүлүк, курчап турган чөйрөнү коргоодо коомчулуктун катышуусунун зарылдыгы, экологиялык укукту коргоодо квалификациялуу мамиле жасоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын туура колдонуу боюнча билимди жогорулатуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү каралды. Жолугушуунун аягында бардык катышкан тараптардан курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында жана экологиядагы жагдайлар тууралуу маалыматтарды биринчи булактардан алуу үчүн ушундай жолугушуулардын зарылдыгы жөнүндө жылуу пикирлер айтылды.

provedenie-press-cafe-s-predstavitelyami-smi2

provedenie-press-cafe-s-predstavitelyami-smi2

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *