ММКлар менен кызматташуу

2020-жылдын 20-25-августунда Ош шаарындагы Орхус маалымат борбору Ынтымак Коомдук регионалдык телерадиоберүү компаниясы менен кызматташуу алкагында 2 телеберүү, 2 видеоролик тартуу максатында Баткен жана Жалал-Абад облустарына жумушчу сапар уюштурушту.

Баткен облусунун аймагында 2 Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы, 4 Токой чабасы жана1 Мамлекеттик ботаникалык заказниги жайгашкан. Алардын жалпы аянты 541569,6 гектарды түзөт.

Ынтымак телерадиокомпаниясынын журналисттери жана Орхус борборунун адистери Кадамжай районундагы “Сурматаш” Мамлекеттик жаратылыш заповеднигинде, Кара-Булак айылындагы “Айгүл-Тоо” Мамлекеттик жаратылыш заказнигинде жана Баткен районундагы Баткен токой чарбасында болушту.

“Сурматаш” Мамлекеттик жаратылыш заповеднигинин директору Жороев Талип заповедниктин түзүлүү тарыхы жөнүндө айтып берди. Бул жердеги өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн ар түрдүүлүгүн, бул объекттин Кыргызстандын жаратылыш ресурстарын сактоодо орду маанилүү экендигин  өзгөчө белгилеп кетти. Тасмага түшүрүү мезгилинде журналисттер Чат, Лангар, Айдарбек, Бебек, Чон-Бебек, Кичи-Бекбек жана Теңизбай участкаларында болушту. Заповедниктин кызматкерлери менен жолугушуп, алардын курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы жумуштары боюнча маектешишти.

Алынган маалымат боюнча заповедниктин аймагында Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген илбирс, сүлөөсүн, тоо теке, Северцев аркары, доңуз, кирпи, буркүт жана башка жаныбарлар жашашат. Заповедникти коргоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү жашоочулар жана жаштар менен иш алып баруунун маанилүү экендиги белгиленип кетти.

Заповедниктин кызматкерлери ар жылы окуучулар, жашоочулар менен биргеликтеги акцияларды, сүрөт, жат жазуу конкурстарын жана маалымат кампанияларын өткөрүп турушат.

Экологиялык саякатчылар үчүн 3 багыттагы саякат жолу уюштурулган. Бирок жолдордун акыбалы жакшы болбогондуктан кыйынчылыктар кездешет.

Баткен токой чарбасынын башкы токойчусу Акматов Н. токой аянтын кеңейтүү, курчап турган чөйрөнү коргоо жана келечектеги пландар боюнча токой чарбанын жүргүзгөн ишмердүүлүгүн айтып берди жана арча көчөттөрүнүн питомнигин көрсөттү.

“Айгүл-Тоо” Мамлекеттик ботаникалык заказнигинин участка башчысы Аширкулов Б. Заказниктин түзүлүү тарыхы жана заказниктин, Курчап турган чөйрөнү коргоо агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгынын кызматкерлеринин аткарып жаткан жумуштары менен тааныштырды.

2020-жылдан бери заказниктин инфраструктурасын жакшыртуу жана “Айгүл-Тоо” Улуттук жаратылыш паркын түзүү боюнча кызматкерлер тарабынан алгылыктуу жумуштар жасалган. Ар жыл сайын апрель айында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Эл аралык уюмдардын, саякатчылардын жана жергиликтүү тургундардын катышуусу менен Айгүл гүлүнүн күнү салтанатту түрдө белгиленет. Заказникти түзүүнүн жалгыз максаты Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген, жоголуп бараткан Рябчик Эдуарда гүлүн сактап калуу болуп эсептелет.

Баткен аймактык башкармалыгынын токой бөлүмүнүн кызматкери Баткен облусундагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар жөнүндө маалымат берди. Мында журналисттерди аймактардын жалпы аянты,  эл менен алып барылып жаткан жумуштар, аймактардагы жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо көйгөйлөрү сыяктуу маселелер кызыктырды. Кыргызстанда биологиялык көп түрдүүлүктү коргоону камсыз кылуу үчүн аянттарды кеңейтүү, жаңы өзгөчө корголуучу аймактарды түзүү маанилүү экендиги областтык башкармалыктын, өзгөчө корголуучу аймактардын кызматкерлери жана эксперт Г. Соронкулов тарабынан белгиленди.

Журналисттер жана эксперттер Областтык башкармалыктын, өзгөчө корголуучу аймактардын жана токой чарбасынын кызматкерлерине жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоодо ийгилик каалашып, аймактар жөнүндө маалыматтарды өздөрүнүн телеканалында жана маалыматтык сайттарында таркатуу боюнча кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Иш чара мезгилинде ММК өкүлдөрү Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айыл өкмөтүндөгү “Алаң-Тоо” Коомдук бирикмесинин маралдарды Нарын Мамлекеттик заповедигинин аймагынан Авлетим токой чарбасынын балтыркан участогуна көчүрүп келүү тажрыйбасы менен таанышышты. Ал жөнүндө Коомдук бирикменин жетекчиси Н. Тургуналиев кеңири айтып берди.

Команда мүчөлөрү Аксы районунун акими Э. Ормоналиев менен жолугушушту. Жолугушууда райондун акими бирикменин маралдарды көчүрүп келүү демилгесин Кыргызстандагы жалгыз долбоор экендигин белгилеп, долбоордун демилгечиси Г. Соронкуловко курчап турган чөйрөнү коргоодо алгылыктуу жумушу жана активдүү атуулдук позициясы үчүн райондук мамлекеттик администрациясынын Ыраазычылык катын тапшырды. Ал эми Жалал-Абад облусунун курчап турган чөйрөсүн жана биологиялык көп түрдүүлүгүн сактоодо  бирикменин мүчөлөрүнүн иштерине ийгилик каалады. Райондун жетекчиси райондун аймагындагы “Падыша-Ата” Мамлекеттик жаратылыш заказнигин жана “Сары-Челек Мамлекеттик биосфералык заповеднигин ЮНЕСКОнун жаратылыш мурастарынын тизмесине киргизүү керектиги жөнүндө оюн билдирди. Андан кийин катышуучулар Авлетим токой чарбасына келишти. Мында Балтыркан участкасына көчүрүлүп келинген маралдарды коргоо маселеси жана курчап турган чөйрөнү коргоодо кызматташуу боюнча талкуу болду. Журналисттер, Авлетим токой чарбасынын кызматкерлери жана бирикменин мүчөлөрү маралдарды ордунда тасмага түшүрүү үчүн  Балтыркан участкасына барышты. Эксперт Г. Соронкулов, токой чарбанын инженери Узенов О. маралдардын учурдагы абалы боюнча кеңири айтып беришти. Долбоордун демилгечиси маралдар үчүн коюлган туздардын жана кыш мезгилинде кошумча берилүүчү жемдердин жайгашкан ордуларын көрсөттү. Тасмага түшүрүү жумуштары аяктаганда команда “Сары-Челек” Мамлекеттик биосфералык заповеднигине багыт алды.

Заповедниктин директору Э. Токобаев заповедниктеги жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоону камсыз кылууда жергиликтүү жашоочулар жана жаштар НПОлору менен алып барылып жаткан жумуштар жөнүндө журналисттерди тааныштырды. Ал Тоскоол-Ата көлүнө жана заповедниктин айланасындагы аймактарга саякатчылардын кирүү эрежелерин өзгөчө белгилеп айтты. Эл аралык уюмдар жана ММКлар менен кызматташуунун маанилүү экендигин да белгилеп кетти. Катышуучулар заповедниктеги жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн көп түрдүүлүгүн көрүштү. Бул жерде журналисттер менен заповедниктин кызматкерлеринин кеңири маектешкенге мүмкүнчүлүктөрү болду.

“Сары-Челек” Мамлекеттик биосфералык заповедниги 1959-жылы түзүлүп, 1979-жылы ЮНЕСКОнун заповедниктердин Эл аралык тармагына киргизилген. Катышуучулар заповедниктеги музейде да болушту. Музейдин кызматкери  заповедниктин түзүлүү тарыхы жана андагы жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн биологиялык көп түрдүүлүгү боюнча кеңири айтып берди. 2019-жылы заповедниктин 60 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде белгиленген.

“Сурматаш” жаратылыш заповеднигинин, “Сары-Челек” Мамлекеттик биосфералык заповеднигинин, “Айгүл-Тоо” Мамлекеттик ботаникалык заказнигинин, Баткен, Авлетим токой чарбаларынын бардык кызматкерлерине Орхус борбору тарабынан ЕЕКУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен 2020-жылы чыгарылган “Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо багытындагы мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү укуктук-ченемдик актылардын жыйнагы ” китеби тапшырылды.

Орхус борбору менен Ынтымак компаниясынын кызматташуусунун алкагында 2 телеберүү, 2 видеоролик жасалат жана тлеканалдар аркылуу берилип турат, компаниянын интернет сайттарында жайгаштырылат.

Иш чаралардын негизги максаты Кыргызстандын жашоочуларына ММКлар аркылуу өзгөчө корголуучу аймактар жөнүндө маалымат берүү,  жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоодогу алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу.

Иш чара Орхус борбору тарабынан “Ынтымак” Коомдук регионалдык телерадиоберүү компаниясы менен кызматташтыкта ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин “Экологиялык башкарууга жана жашыл экономикага көмөктөшүү” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Орхус борборунун директору,

Каныбек Исабаев

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *