Нарын областынын Жумгал районунун Мин-Куш айылында өткөрүлгөн тренингтер жөнүндө маалымат

2018-жылдын 1-февраль күнү Жумгал районунун Мин-Куш айылындагы Жаштар борборунда ОБСЕнин Бишкектеги Программалык офисинин каржылоосу менен Ош шаарындагы Орхус маалымат борбору тарабынан жер казынасын пайдалануу жаатындагы ченемдик-укуктук актылар боюнча тренинг өткөрүлдү.

Тренингте жергиликтүү кеңештин депутаттары, жаштар бейөкмөттүк уюмдарынан, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана башчысы К. Ниязбеков болуп 16 адам катышты.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун директору К. Исабаев тренингдин программасы менен тааныштырып, катышуучуларга Орхус Борборунун ишмердүүлүгү, “Борбордук Азиядагы уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыктар тараптарды катыштыруу” долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иш-чаралар жөнүндө кеңири айтып берди.

Тренингди көзкарандысыз серепчи М. Черикчиев өттү. Тренинг учурунда катышуучулар Кыргызстандагы тоо-кен өнөр жайынын бүгүнкү күндөгү абалы, Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамынын беренелери, тоо-кен өнөр жай ишканаларынан жергиликтүү жана республикалык бюджетке салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр боюнча маалыматтар, Кен казып алуу тармагындагы айкындуулук демилгеси (ИПДО) жана Кыргыз Республикасындагы бул демилгенин секретариатынын иши жөнүндө, бул тармактагы лицензия жөнүндө, конкурс жана акциондун жоболору жөнүндө, тиешелүү маалымат алуучу сайттар менен тааныш болушту.

 

Катышуучулар айыл өкмөтүндө жерлердин өнөр жай багытынан айыл-чарба багытына өткөрүү маселеси курч тургандыгын белгилешти. Социалдык пакет боюнча жергиликтүү кеңеш менен иштеп жаткан компаниянын ортосундагы келишим да талкууланды. Тренингдин аягында айыл өкмөт башчысы К. Ниязбеков катышуучулардын атынан өткөзүлгөн тренинг үчүн Ош шаарындагы Орхус маалымат борборуна ыраазычылык билдирди жана ушуга окшогон тренингдерди мындан да тереңирээк өткөрүүнү сунуш кылды.

Тренингде катышуучуларга төмөндөгү материалдар таркатылды:

  1. “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
  2. Инструментарий для предотвращения и посредничества в конфликтных ситуациях, возникающих в процессе развития горнодобывающего сектора.


2018-жылдын 2-февраль күнү Жумгал районунун Мин-Куш айылындагы Жаштар борборунда ОБСЕнин Бишкектеги Программалык офисинин каржылоосу менен Ош шаарындагы Орхус маалымат борбору тарабынан Экологиялык долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча тренинг өткөрүлдү.

Тренингте жергиликтүү Мин-Куш айыл өкмөтүнүн айылдарынын жаштары, жаштар бейөкмөттүк уюмдарынан болуп 10 адам катышты.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун директору К. Исабаев тренингдин программасы менен тааныштырып, катышуучуларга Орхус Борборунун ишмердүүлүгү, “Борбордук Азиядагы уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыктар тараптарды катыштыруу” долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иш-чаралар жөнүндө кеңири айтып берди.

Тренингди көзкарандысыз серепчи М. Черикчиев өттү. Тренинг учурунда катышуучулар долбоордун максатын, милдетин аныктоо, көйгөйдү талдоо,  бюджетти түзүү боюнча маалымат алышты, долбоорду өткөрүү учурунда массалык маалымат каражаттары менен кызматташуу керек экендиги да белгиленди. Тренингтин аягында эл аралык уюмдар, донорлор жана алардын сайттары менен тааныш болушту.

Тренингде катышуучуларга төмөндөгү материалдар таркатылды:

  1. Жаштар бейөкмөттүк уюмдарынын презентациясы;
  2. Эл аралык уюдардын сайттарына шилтеме

 

Ош шаарындагы Орхус борборунун  коомчулук менен иштөө адиси

Т. Жумабеков

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *