Нарын шаарындагы «Актуалдуу экологиялык маселелер жана көйгөйлөр: калктын маалыматтуулугу жана коомчулуктун катышуусунун мааниси” темасында өткөрүлгөн тегерек стол.

2015-жылдын 31-июлунда Нарын областынын Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин катышуусунда, Бишкектеги ЕККУнун Борбору жана Бишкек шаарындагы Орхус Борбору тарабынан уюштурулган “Актуалдуу экологиялык маселелер жана көйгөйлөр: калктын маалыматтуулугу жана коомчулуктун катышуусунун мааниси” темасында тегерек стол өткөрүлдү.

kruglyj-stol-na-temu-aktualnye-ekologicheskie-voprosy-i-problemy-znachenie-uchastiya-obshhestvennosti-i-informirovannosti-naseleniya-v-g-naryn3

Тегерек столдун ишине 50 дөн ашык чакырылган адамдар катышышты, алардын ичинде: Нарын райондук администрациянын жана Нарын шаарынын мэриясынын, жергиликтүү бийлик органдарынын (айыл өкмөттөрү), КТЧКТЧМА жана ЭТКМИ аймактык башкармалыктарынын адистери, мамлекеттик коруктардын жана парктардын директорлору, ММК, ӨЭУ, КУ, КФ жана жарандык коомдордун өкүлдөрү болушту.

kruglyj-stol-na-temu-aktualnye-ekologicheskie-voprosy-i-problemy-znachenie-uchastiya-obshhestvennosti-i-informirovannosti-naseleniya-v-g-naryn

kruglyj-stol-na-temu-aktualnye-ekologicheskie-voprosy-i-problemy-znachenie-uchastiya-obshhestvennosti-i-informirovannosti-naseleniya-v-g-naryn3

Тегерек столдун катышуучулары курчап турган чөйрөгө тийиштүү маселелер, тоо кен өнөр жайындагы экологиялык көйгөйлөр, парктардын жана коруктардын калдыктар менен булганышы жөнүндө жана Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун иш планына байланышкан маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле, КТЧКТЧМА тарабынан коомдук талкууга коюлган « Мамлекеттик Жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануунун тартиби жөнүндө» Жобонун долбоору каралып чыкты.

 

kruglyj-stol-na-temu-aktualnye-ekologicheskie-voprosy-i-problemy-znachenie-uchastiya-obshhestvennosti-i-informirovannosti-naseleniya-v-g-naryn4

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *