Нарын шаарынды тегерек стол өттүү

Бишкек шаарындагы Орхус Борбору ЕККУ Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен жана Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Нарын аймактык башкармалыгы менен чогу 17 май айында Нарын шаарында «Актуалдуу экологиялык маселелер жана көйгөйлөр: мамлекеттин органдардын жана коомчулуктун катышуусунун маанилүүлүгү жана калктын маалыматтуулугу» деп аталган темада тегерек столду өткөрштү. Ушул мероприятида мамлетик экосистемада иштеген адистер, НПО, экологтор, Нарын аймактык университетен мугалимдер жана ММК журналистер катышты.

Тегерек столдун максаттар – коомчулуктун кеңири катмарынын, бардык кызыктар тараптардын жана максаттуу аудиториялырдын маалымдарлыгын, ошондой эле курчап турган чөйрөнү коргоо маселелеринде мааламаттык өнөктүктөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу азыркы күндө приоритеттүү багыттардын бири болуп калууда. Жалпы таанылган пикирлерге ылайык, адам бакубаттуулугунун негизи катарында жаратылышты коргоо маселелеринде жалпы жана атайын билим деңгээлинин төмөндөшү жандуу жаратылышка карата жалган түшүнуктөрдү, кайдыгер жана бүлүнтүүчүлүк аракеттерди, коомдун экологиялык проблемаларга карата пассивдүүлүгын жаратат, ММКлар аркылуу экологиялык маалыматты жайылтуу, мамлекеттк органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү уюмдар жана жаматтар тартылуу жолу менен региондордо экологиялык маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыздоо.

Тегерек столдо Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Нарын аймактык башкармалыгынын адистер – Миназарова Н.Р. – мамлекеттик экологиянын экспертиза жана жаратылышты пайдалануу бөлүмдүн башчысы, Абдраев Т.К. – токой экологиялык системасын өнүктүрүү жана ӨКЖА бөлүмдүн башчысы, Сагынбаев М.М. – эсеп-алуу бөлүмдүн башчысы – даярдаган презентацияларды беришти. Алардан кийин НПО атынан « Тенир Тоо» коммерциялык эмес Альянс» Нарын аймактык ассоцияцынын жетекчеси Оморова Р. жана Бишкектеги Орхус Борборунун жетекчеси Нурбеков А. кыскача маалымат беришти.

Тегерек столдун уюштуручулар экинчи бөлүмдө Нарын шаарында субботникте катышты. Алар менен чогу субботнике Нарын аймактык мамлекетик университетинин студентер жана Каратал-Жапырак мамлекеттик жаратылыш коругунун адистер чыгышты.

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *