Орхус борборлорунун кызматкерлери үчүн тренинг

Иш планына ылайык, Чолпон-Ата шаарында 18-августтан 20-августка чейин Бишкек, Чолпон-Ата жана Нарындагы Орхус борборлорунун кызматкерлери үчүн окуу курсу өткөрүлдү. Бул тренингдин максаты – катышуучуларды Орхус Конвенциясынын негиздерин колдонууга үйрөтүү, алардын потенциалын жогорулатуу жана кесиптештеринин иш тажрыйбасы менен таанышуу.

Окуу курсу жүрүшүндө тренингдин катышуучулары Орхус Конвенциясынын фундаменталдуу принциптери, өз милдеттерин аткарууда жана пландаштырылган иш -чараларды ишке ашыруу учурунда практикалык колдонуу боюнча керектүү билимдерди алышты. Тренингдин бул этабынын аягында бардык катышуучулар жазуу жүзүндөгү тесттердин жардамы менен билимдерин бекемдешти.

Тренингдин экинчи бөлүгүндө катышуучулар өз ишмердүүлүгүн пландаштыруу механизмин, бир жылдык иш планын толтуруунун тартибин жана формаларын, ишке ашыруу ыкмаларын, отчеттуулук үчүн керектүү материалдарды берүү тартибин талкуулашты.

Тренингдин аягында ар бир катышуучуга окуу сертификаттары тапшырылды.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *