Орхус борборунун колдоосу менен Талас шаарында “Эко CAMP” аталышында акция болду

Access Alumni Association уюму Кыргызстандын “LEED Caravan” катышуучуларына долбоор жазууга сынак жарыялаган жана жеңүүчү деп Орхус борборунун Талас Эко Клубунун жетекчиси Арслан Жекшенбеков табылган.

Талас облустук лицей-комплекси, Талас шаарынын мэриясы жана ACCESS уюмунун жана АКШнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн Талас Eсо Клубдун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Eco CAMP  “Токой элдин-жердин байлыгы, сулуулугу” акциясы 2022-жылдын 22-апрелинде саат  14.00до башталды.

Акцияга Талас шаарынын вице мэри Мира Сейдикеримова, долбоордун координатору Арслан Жекшенбеков жана студенттер, окуучулар жалпы эле тургундар Талас жашылдандыруу кызматкерлери катышышты. Максаты  Талас токоюн тазалоо, таштандыдан арылтуу. Талас жергесинин тургундары 150гө жакын адам таза токой, таза шаар, таза келечек үчүн деген ураанда жалпы акция өттү. Табият тартуулаган  татына Талас токоюн тазалоого ар бир жаран салымын кошуп токойду көркүнө чыгарышты.

Бул долбоор Талас аймагынын өзгөчө шаар тургундарынын тазалыгына, жаратылышка болгон аяр мамилесине экологиялык абалды жакшыртууга чоң салым кошту.

Акция жалпы эле Талас элинин жаратылышка болгон түз көз карашын калыптандырууга, алардын табиятка болгон сүйүүсүн ойготуп патриоттуулука  тарбиялайт.  Биз Эко Клуб Таластын  мүчөлөрү жана Талас жаштары менен тыгыз иш алып барып, Таластын токойун, экологияны коргоо боюнча акцияларды уюштуруп келебиз.

Арслан Жекшенбеков

Талас Эко-клубунун жетекчеси

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *