Орхус конвенциясы боюнча тренинг өткөрүлдү

2019-жылдын 16-апрелинде Ош шаарындагы Орхус борборунун тренинг залында Ош шаарындагы Жогорку окуу жайлардын жаш мугалимдери жана экологиялык клубдун мүчөлөрү үчүн Орхус конвенциясы боюнча тренинг өткөрүлдү.

Ага ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсесинин Улук ассистенти М. Осмонов жана курчап турган чөйрө боюнча эксперт Г. Соронкуловдор катышышты.

Алгач катышуучуларга Орхус борборунун ишмердүүлүгү жөнүндө кыскача маалымат берилди.

Андан кийин катышуучулар үч тайпага бөлүнүшүп, аларга төмөндөгү тапшырмалар берилди:

  • Ош шаарынын экологиялык көйгөйлөрү;
  • Экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору;
  • Орхус конвенциясы.

Ар бир тайпа өз тапшырмаларын мыкты аткарышып, жогорку деңгээлде жакташышты. Катышуучулар тарабынан жактоочуларга суроолор берилип жана аларды толуктоолор болду.

Тренингдин кийинки бөлүгүндө катышуучуларга слайддар сунушталып жана алар менен биргеликте төмөндөгү маселелер талкууланды:

  • Конвенциянын тарыхы;
  • Максаты;
  • Анын негизги элементтери;
  • Курчап турган чөйрө боюнча Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары;
  • Орхус конвенциясынын үч элементин ишке ашыруу жолдору.

Г. Соронкулов Коомдук фонддун курчап турган чөйрө жаатындагы аткарган долбоорлору жөнүндө айтып, долбоорлорду даярдоо боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Жана жаштардын көңүлүн учурдагы курчап турган чөйрөдөгү көйгөйлөргө бурду.

Кийинки бөлүктө катышуучулар менен дебаттардын, илимий-практикалык конференциянын жана Бүткүл дүйнөлүк курчап турган чөйрө күнүнө арналган акциянын өткөрүлө турган күнү биргеликте макулдашылды жана жарыяланды.

Аягында К. Исабаев жана М. Осмонов активдүү катышкандыктары үчүн жаштарга ыраазычылык билдирип, өз окуу жайларында Орхус конвенциясын ишке ашыруу боюнча иш чараларды өткөрүүлөрүн суранышты.

Иш чара Ош шаарындагы Орхус маалымат  борбору тарабынан ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин “Экологиялык коопсуздук жана жаратылыш ресурстарын башкаруу” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Борбордун Коомчулук менен иш алып баруучу адиси,

Тургунбек Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *