Орхус Конвенциясын ишке ашыруу боюнча Нарын шаарында тегерек стол.

2021-жылдын 16-июлунда Нарын шаарында, Хан-Теңири мейманканасынын жыйындар залында, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Орхус Конвенциясын региондо ишке ашыруу боюнча тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго Нарын облусундагы токой чарба департаментинин, Каратал-Жапырык жана Салкын Төр мамлекеттик жаратылыш коругунун паркынын, Экотехинспекциянын, Нарын мамлекеттик университетинин, «Таза Нарын» Нарын шаарынын муниципалитетинин жана башка өкүлдөрү чакырылган.

Жалпысынан 30 адам катышкан. Тегерек столду Орхус борборунун менеджери Калмуратов С. ачып, борбордун максаттары жана пландары жөнүндө маалымат берди. Андан кийин Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин Нарын облусундагы өкүлдөрү Турдубеков К. жана Абдраев Т. экология жана экологиялык билим берүү иштеринин абалы жөнүндө презентация жасашты.

Нарын мамлекеттик университетинин окутуучусу К.Акматов таштандыларды сорттоо жана кайра иштетүү боюнча презентациясында Нарын шаарындагы “Арал” участкасында “Үч чака” иштөө принцибин ишке ашыруу жөнүндө айтып берди. Ушул участогуда 1 – “пластик үчүн”, 2 – “кагаз үчүн”, 3 – “тиричилик таштандылары үчүн” деген жазуусу бар үч таштанды үкөк орнотулган. Ушул жерде жашоочулары бул урналарды өз максатында колдонушат. Муниципалитеттин компаниясы пластиктен жана кагаздан чыккан таштандыларды кайра иштетет, ал эми биокомпост турмуш-тиричилик калдыктарынан жасалат. Бул презентация семинардын көптөгөн катышуучуларынын кызыгуусун жаратты. Бул презентация семинардын көптөгөн катышуучуларынын кызыгуусун жаратты. Салкын-Төр жаратылыш паркынын өкүлдөрү адистер менен кеңешип, сейил бакта туристтер үчүн ошол эле сорттоочу урналарды жеткирүүнү чечишти.

Кийинки презентацияны Салкын-Төр жаратылыш паркынын изилдөөчүсү жана өкүлү У.Исмаилов өткөрүп, парктын ишмердүүлүгү жана эс алуучуларга көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө айтып берди.

Б.Чороев жана Т.Өмүралиев «Каратал-Жапырык» мамлекеттик жаратылыш коругунун ишмердүүлүгү жөнүндө презентация көрсөтүштү. Алар коруктун материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча АӨБ долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу жөнүндө айтып беришти.

Семинардын катышуучулары презентацияларды кызыгуу менен угушту, көптөгөн суроолорду беришти жана аймактагы айлана-чөйрөнү коргоо жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча өз ойлорун билдиришти. Катышуучулардан бир нече сунуштар келип түштү:

  •  кийинки тегерек столдорго мэриянын өкүлдөрүн, аксакалдарды жана жаштарды чакыруу;
  •  мектеп окуучулары арасында “Менин таза айыл / шаарым / олк” темасында сүрөт, дилбаян түрүндө конкурс өткөрүү;
  •  кезектеги тегерек столду Салкын-Төр жаратылыш паркынын аймагында жайгашкан конференц-залда өткөрүү.
  •  “Каратал-Жапырык” мамлекеттик жаратылыш коругунун өкүлдөрү 3 даана маалымат такталарын жасоого жардам сурады.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *