Орхус Конвенциясынын кабыл алынышына 20 жыл толду.

Үстүбүздөгү жылы Европа мамлекеттери тарабынан кабыл алынган  Орхус Конвенциясынын иштешине  20 жыл толду. Кыргызстан аталган Конвенцияга 2001-жылы кошулган, башкача айтканда 3 жыл өткөндөн кийин баштап бүгүнкү күнгө чейин Конвенциянын принциптерин өз аймагында ишке ашырууну активдүү жүргүзүүдө.

Женева шаарында (Швейцария) 19 – 21-июньга чейин Орхус Конвенциясынын Секретариатынын штаб-квартирасында Орхус Конвенциясынын мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү жана аталган жолугушууга Кыргызстандын өкүлдөрү катышышты.Биздин өлкөнүн атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин, Орхус Борборлорунун жана «Моvegreen» жаштар уюмунун өкүлдөрү катыша алышты.

Жолугушуунун программасында  Орхус Конвенциясынын Секретариатынын комитеттеринин отчетторунан тышкары Конвенциянын юбилейине арналган атайын сессияны өткөрүү дагы каралган. Бул сессияда Орхус Конвенциясынын Секретариатынын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, Конвенцияны ишке ашырып жаткан мүчө-өлкөлөрдүн өкүлдөрү, ошондой эле ар кандай чакырылган коомдук уюмдардын өкүлдөрү презентацияларын сунушташты.

Жолугушууда  Орхус Конвенциясынын иштешине  20 жыл толгондугун жана бул аралыкта  Европа мамлекеттеринен тышкары Кавказ өлкөлөрү, Азия жана Африка өлкөлөрү дагы кошулгандыгын баса белгилеп кетишти. Өзгөчө Секретариаттын жана  Орхус Конвенциясынын мурдагы жетекчилеринин сүйлөгөн сөздөрүн баса белгилей кетүүгө болот, алар өз сөздөрүндө Секретариаттын жүргүзгөн иштери тууралуу баяндап беришти, алар  Конвенцияны ишке ашырууда жетишкендиктерди каалап кетишти.

Сессияда Орхус Конвенциясынын жетишкендиктери жөнүндө Кыргызстандын өкүлүнө сөз сүйлөөгө уруксаат беришти жана  «Моvegreen»  жаштар уюмунун жетекчиси Колесникова Мария Бишкек шаарынын айлана чөйрөсүн таза  сактоону колдоо боюнча презентация жасады. Мариянын презентациясы көпчүлүк катышуучуларга жаккандыгы билинди, алардын кээ бирөө өздөрүнүн сөзүндө «Моvegreen» жаштар уюмунун жүргүзгөн иш аракетин жогору баалашты.

Бардык Орхус Борборлорунун атынан  Ходжент шаарынын Орхус Борборунун жетекчиси Икром Мамадов сөз сүйлөдү жана Орхус Борборлорунун жүргүзгөн иш аракеттери жөнүндө кеңири маалымат берүү менен өз презентациясын жасады. Анын берген маалыматы боюнча бир канча суроолор түштү, алар боюнча башка борборлордун анын ичинде Кыргызстандын өкүлдөрү тарабынан жооптор берилди.

Юбилейлик сессиянын аягында Швейцариянын атынан кабыл алуу уюштурулду, андан соң сессиянын бардык катышуучулары биргеликте чогуу жалпы фондо сүрөткө түшүштү.

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *