Орто-Саз айылына бак-дарактарды отургузуу

30—апрелде Нарын Орхус борбору Каратал-Жапырык мамлекеттик коругу менен биргеликте шаардан 6 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Нарын районунун Орто-Саз айылында жүздөн ашык бак-дарактарды отургузушту. ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Нарын токой чарбасынан 20 миң сомдон ашык суммага жалбырактуу жана ийне жалбырактуу дарактар ​​алынып, Жолдон Саламатов атындагы орто мектептин аймагына отургузулду. Бул мектеп 2018-жылы курулуп, мектептин айланасы көрктөндүрүлө элек. Иш-чарага жергиликтүү тургундар, мугалимдер, мектеп окуучулары, ошондой эле №2 В.П.Чкалов атындагы орто мектебинин «Импульс» тынчтык орнотуучулар клубунун ыктыярчылары активдүү катышты. Иш-чарага жалпысынан 30-дан ашык адам катышты. Ишембиликке активдүү катышкандыгы үчүн 15 катышуучуга Нарын Орхус борборунун логотиби түшүрүлгөн футболкалар жана кепкалар берилди. Соңунда мектептин директору Алмаз Ботояров жана мугалимдер биздин Орхус борборуна мектептин аймагын жашылдандырууга мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Иш-чараны жергиликтүү НТК телеканалы чагылдырды.

Видеого ссылка: https://youtu.be/lEBEpXttSrU

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *