Ош областынын Кара-суу районунун Папан айыл аймагынын Кожо-келен айылындагы «Кожо-келен» көмүр кенинин абалынын мониторинги

2015-жылдын 12-13- августунда Бишкектеги ЕККУ Борборунун колдоосу астында Ош шаарындагы Маалыматтык Орхус Борборунун, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын регионалдык башкармалыгы менен биргеликте, Араван, Карасу жана Ноокат райондору боюнча Ош областынын Кара-суу районунун Папан айыл аймагынын Кожо-Келен айылындагы көмүр кени чыккан объекттеринин абалына мониторинг жүргүзүү уюштурулду.

monitoring-sostoyaniya-ugolnogo-mestorozhdeniya-kozho-kelen-papanskogo-ajylnogo-ajmaka-karasujskogo-rajona-oshskoj-oblasti6

monitoring-sostoyaniya-ugolnogo-mestorozhdeniya-kozho-kelen-papanskogo-ajylnogo-ajmaka-karasujskogo-rajona-oshskoj-oblasti6

Папан айыл аймагы ээлеген аймакта (бухгалтердик каттоо боюнча) төмөндөгү тоо кен өндүрүү ишканалары катталган: ЖЧУ «Арген-Нур», ЖЧУ «Чытты», ЖЧУ « Кожо-Келен ата», «Отун База», Ф\х «Алты Айгыр», «ЮКГЭ» МИ «Чалкуйрук» лицензиялык аянттагы геологиялык чалгындоо. Алардын ичинен иштебегендери: ЖЧУ «Арген-Нур », ЖЧУ«Чытты», Ф\х «Алты Айгыр».
Папан айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине көмүр кенин казып алуу ишканасынан жерлердин ижара акысы үчүн, көмүрдү сатуудан түшкөн пайданын салыгынан көп эмес каражаттар түшөт . Папан айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине, жалаң «ЮКГЭ» МИ лицензияны кармагандыгы үчүн 2014-жылы -3142000 сом, 2015-жылдын I жанаII кварталы үчүн-1 456 000 сом төлөнгөн.

Өздөрүнүн иш аракеттери жөнүндө тоо кен өндүрүү ишканаларынын жетекчилери Папан айыл аймагына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгына бекитилген формада отчет беришет, «Кожо-Келен» көмүр кенине, тоо кен өндүрүү боюнча эксперттердин тобу, Курчап турган чөйрөнү коргоонун, экологиялык коопсуздуктун, ӨКМнин Кара-Суу бөлүмүнүн кызматтары жана Ош областы боюнча. Мамсанэпидкөзөмөл координациясын кылуу функциясы болгон Кара-Суу райондук оорулардын профилактика борборунун адистери, массалык маалымат кызматтарынын өкүлдөрү визуалдык изилдөө жана радиологиялык ченөөлөрдү жүргүзүштү.

Мониторингдин жыйынтыгында Кожо-Келендеги көмүр тилкесинин отвалдарында жана кендин аймагына караган жерлерде радиациялык фон ченемдик көрсөткүчтүн чегинде болгондугу аныкталды. Кендин отвалдарында жана карьерлердеги жүргүзүлгөн изилдөөлөр кендин аймагында рекультивациалык иштер дээрлик жүргүзүлбөгөндүгүн көрсөттү. Кожо-Келен айылынын борбордук көчөсүнөн 50 метрдей аралыкта, жаан сууларынан, же суу киргенден, балким булак сууларынын чогулмаларынан пайда болгон, иштетилген карьердин ордунда 600 кв.метрге жакын күзгү сымал аянтта көлмө орун алган. Көлмөнүн түштүк жагында Рабица торунан тосмо орнотулган. Периметри боюнча 40 метрдей болгон аянтта эскертүү белгилерин коюу менен тосмо орнотулушу керек.

Көлмөнүн ачык аянтта орун алышы, ошондой эле жер көчкүсү алгандан кийин пайда болгон жарлардын болушу (3жерде) жергиликтүү калк үчүн, өзгөчө балдар үчүн, ошондой эле элдин малына, аталган жердеги участкаларда болуу кооптуу жагдайды түзөт. Мындан тышкары, кендин аянтынын эки жеринде көмүрдүн тутанып кетүү коркунучу бар, анда атмосфералык абаны көмүрдүн көйүүсүнөн пайда болгон түтүн менен булгай турган, жалпы аянты 60 кв. метрге жакын болгон көмүр аянты бар. Аталган маселе жергиликтүү калктын тынчын абдан алууда, анткени эртең мененден баштап түшкө чейин шамалдын согуу вектору Кожо-Келен айылы тарапка карай багытталып турат. Мында көмүрдүн көзөмөлдөнбөгөн күйүү процессинен атмосфералык абага чыгуучу булгоочу заттардын жана газдардан жагымсыз жыттардын пайда болуу коркунучу күтүлөт. Демек, аталган жерлер үчүн мүнөздүү болгон катуу шамалдардын бат баттан болуп турушу, карьердеги көмүрдүн тутанып кетүү коркунучуна, андан улам ага жакын жайланышкан жайыт жерлеринде өрттөрдүн чыгып кетүүсүнө себеп болуп калуусу мүмкүн.

monitoring-sostoyaniya-ugolnogo-mestorozhdeniya-kozho-kelen-papanskogo-ajylnogo-ajmaka-karasujskogo-rajona-oshskoj-oblasti6

monitoring-sostoyaniya-ugolnogo-mestorozhdeniya-kozho-kelen-papanskogo-ajylnogo-ajmaka-karasujskogo-rajona-oshskoj-oblasti6

Мониторингдин жүрүшүндө катышуучулар тарабынан төмөнкү рекомендациялар сунушталды:

– Ош аймактык курчап турган чөйрөнү коргоожана токой экосистемасын өнүктүрүү башкармалыгы:

  1. Тоо кен өндүрүү ишканаларына атмосферага булгоочу заттарды чыгаргандык үчүн, саркынды сууларды чыгаргандык үчүн жана калдыктарды жайгаштыгандык үчүн уруксаат кагаздарын Ош аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынан алуу;
  2. Квартал сайын, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигине бекитилген формада отчет берүү;
  3. Башкармалык менен бузулган участкалардагы рекультивация планын макулдашуу;
  4. Эксперту по горному надзору:
  5. Представить в Папанский айылный аймак лицензии на разработку и на право пользования недрами, с регистрацией своей организации согласно законодательству;

– ӨКМ нин Кара-Суу бөлүмүнүн адисине:

  1. Жергиликтүү администрацияга, Папан айыл аймагына тоо кен өндүрүү ишканалары менен биргеликте аталган участкада эскертүү белгилерин коюу менен тосмо орнотуу;
  2. Лицензия ээлеринен кенди пайдалануу укугун көрсөтүүсүн талап кылуу, аталган карьерде адамдардын жана малдардын кулап кетүүсүн болтурбоо максатында, объекте өткөрө турган рекультивация долбоорун жана аны ишке ашырылышын текшерүү;
  3. В) Карьердин ээлерине айыл аймактары менен биргеликте, ылайыкташкан кызматтар жана адистер менен көмүр карьеринин тутанып кеткен жерлерин жок кылуумаселесин макулдашуу жана маалымат берүү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигине аталган маселе боюнча

– Тоо көзөмөлү боюнча экспертке:

  1. Папан айыл аймагына мыйзамга ылайык, өз уюмун каттоо менен, кенди иштеп чыгарууга жана пайдалануу укугуна лицензияларды,

– РПапан айыл аймагынын жана Папан айыл кенешинин жетекчилерине, жергиликтүү депутаттардын сессиясында бардык тоо кен өндүрүү компанияларынын иш аракети жөнүндө отчетторун кароо, анда алардын иши боюнча ылайыктуу чараларды көрүү менен өзгөчө жергиликтүү бюджетке акча каражаттардын түшүүсүнө көңүлдү буруу зарыл.

Мониторинг жүргүзүү учурунда тоо кен көзөмөлү, экология жана радиология тармагындагы эксперттер, көмүр карьеринин тегерегиндеги радиациялык фон, атмосфералык абанын булгануусу, көлмөлөрдүн саркынды суулар менен булганышы, өрт коопсуздугу жана жер көчкүлөрдүн кубулуштары жөнүндө жергиликтүү калктын көптөгөн суроолоруна негиздүү жоопторду түшүндүрүп айтып беришти.

Мониторингдин катышуучулары айыл аймагынын жетекчилигине айыл аймагынын адистери жана жергиликтүү кеңештин депутаттары үчүн төмөнкү багыттар боюнча окуу семинарларын уюштурууну сунуштады:

  1. Кен пайдалануу жана техникалык регламент жөнүндө мыйзамдар;
  2. Кен пайдалануучулардын жергиликтүү бюджетке акча түшүрүүсү;
  3. Курчап турган чөйрөнү коргоо жанаэкологиялык коопсуздук.

monitoring-sostoyaniya-ugolnogo-mestorozhdeniya-kozho-kelen-papanskogo-ajylnogo-ajmaka-karasujskogo-rajona-oshskoj-oblasti6

monitoring-sostoyaniya-ugolnogo-mestorozhdeniya-kozho-kelen-papanskogo-ajylnogo-ajmaka-karasujskogo-rajona-oshskoj-oblasti6

Компаниялардын иш аракетинин ачыктыгын жана айыл аймагынын жергиликтүү калкынын тоо кен өндүрүү ишканаларынын иши жөнүндө маалыматын камсыз кылуу үчүн, Папан айыл аймагында тоо кен өндүрүү ишканаларынын, мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүчү уюмдардын жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен ар дайым жолугушууларды өткөрүп туруу максатка ылайык.
Тоо кен өндүрүү ишканаларынын жетекчилерине, алардын иш аракетинин ачык айкындыгын жана коомчулуктун маалыматтуулугун камсыз кылуу максатында,Папан айыл аймагынын административдик имаратында такта же стенд түрүндө Маалымат баракчасын илип коюу зарылдыгы ошондой эле, бардык кызыкдар болгон тараптардын катышуусунда коомдук угууларды өткөрүү сунушу берилди.
Тоо кен өндүрүү ишканаларында жана жергиликтүү аймактарда экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу, айыл аймагынын социалдык – экономикалык өнүгүүсү жана тоо кен өндүрүү ишканаларынын иш аракети жөнүндө калктын маалыматтуулугун жакшыртуу, ошондой эле кен пайдалануу менен байланышкан мүмкүн болуучу чатактарды болтурбоо сыяктуу иш чараларды уюштуруу.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *