Ош шаарында ММКнын өкүлдөрү менен тегерек стол уюштурулду

2022- жылдын 30-мартында Ош шаарындагы Орхус  Борбору “Жашыл экономикага жана айлана чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү ”долбоорунун алкагында, Ош шаарындагы массалык маалымат каражаттарынын(ММК) өкүлдөрү менен тегерек стол өткөрдү. Бул иш чарага КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин(ЖРЭТКМ) Ош регионалдык башкармалыгынын, “Ош Аки-Пресс”, “Sputnik Кыргызстан”, “Еurasianet.org” “Ош жанырыгы”, “Ош Шамы”, “Ош Садоси”, “Ош Пирим”, “КТР” ,“ЭлТР”, “НурТВ”, “ОшТВ”, “Регион ТВ”, “Азия ТВ”, “Т-медиа”, жана “Ынтымак” КРТРКнын өкүлдөрү болуп жалпысынан 19 киши катышышты.

Тегерек столду Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев ачып, катышуучуларга   Орхус конвенциясынын негизги принциптерин, Борбордун 2021-жылы аткарган иш-чараларын жана 2022-жылы аткарылуучу иш пландары боюнча кеңири маалымат берди. Ушул эле маалыматтар жана “Экожурналист 2022” сынагынын  жобосу Жалал-Абад жана Баткен областык медиа борборлоруна  электрондук дарек ,ватсаб каналдары аркылуу жөнөтүлдү.

Экология жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча көзкарандысыз эксперт, www.ecomap.kg сайтынын регионалдык тармагынын жетекчиси  Г. Соронкулов, сайтын иштөө системасын айтып берди. Ошондой эле ал экологиялык картада белгиленген калдыктар полигондору, лицензиясы жок ѳндүрүш ѳндүргѳн жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлбѳгѳн жерлер, мыйзамсыз кыйылган дарактар, кир сууларды тазалоочу жайларды көрсөтү.

КР ЖРЭТКМ Ош регионалдык башкармалыгынын бөлүм башчысы Закиров К. жаңы түзүлгөн министирлик  жана анын ишмердүүлүгү боюнча толук маалымат берди.Катышуучуларга областык башкармалыктын  ишеним телефон номерлерин маалымдады

“Т-MEDIA» телекомпаниясынын ѳкүлү, Орхус Борборунун Консультативдик кеңешинин мүчөсү Каракозуев А. жана «Ынтымак» КРТРКнын программалык мүдүрү Ажибеков А. Орхус Борбору менен биргеликте аткарган иштерин жана кызматташуулары боюнча маалымат беришти,журналистерди кызматташууга чакырды.

Катышуучулар экологиялык маалыматтарды таратууда чогуу иштѳѳнү жана кызматташуунун жолдорун талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда Орхус Борборунун мүдүрү катышуучуларга ыраазычылык билдирип, алдыда Ош мамлекеттик университетинин табият таануу жана география факультетинин дендропаркында өткөрүлүүчү ишимбилик акциясына чакырды. Коомчулуккка экологиялык маалыматтарды таратууда, экологиялык коопсуздукту камсыз кылууда жана Орхус Конвенциясынын принциптерин ишке ашырууда ММКнын маанилүүлүгүн белгилеп кетти.

А.Зайырбеков.Орхус Борборунун адиси.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *