Ош шаарындагы Маалыматтык Орхус Борборунда Консультативдик кеңештин мүчөлөрү менен өткөрүлгөн жолугушуу жөнүндө маалымат.

IMG_9093

2016-жылдын 15-августунда Бишкектеги ЕККУ Борборунун финансылык колдоосу астында, Ош шаарындагы Орхус Борбору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын Регионалдык башкармалыгы менен биргеликте, Консультативдик кеңештин мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Консультативдик кеңешти түзүүнүн максаты, курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Орхус Конвенциясынын (ЕЭК/БУУ Конвенциясынын «Маалыматтуулукка жеткиликтүүлүк, курчап турган чөйрөнүн маселелери боюнча сот адилеттигине жетүү жана чечимдерди кабыл алуу процессинде коомчулуктун катышуусун») милдетин аткарууда, Маалыматтык Орхус Борборунун жана «Экологиялык өнүгүү» коомдук фондунун потенциалын бекемдөө, Мамлекеттик түзүмдөр менен экологиялык коомдук уюмдардын жана НКО ортосунда өз ара байланышты камсыз кылуу жана кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат. Жолугушуунун ишине катышкандар:

  1. Ибраимов Бекполот Орозбаевич- көз карандысыз журналист, Ош шаары.
  2. Кубатбеков Идирисбек Атантаевич- адам укугу жана демократия Борборунун башкармалыгынын башкармасы, Ош шаары.
  3. Юсупов Рысбек Зулпукарович- Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясвынын Регионалдык башкармалыгынын начальниги.
  4. Мендикулов Сулейман Рысбаевич- тоо кен пайдалануу жана тоо көзөмөлү жаатындагы көз карандысыз эксперт.
  5. Соронкулов Гамал Умарович- тоо кен казуу өндүрүш тармагы жана экология боюнча көз карандысыз эксперт.
  6. Томоев Савирбек Рысбаевич- КТЧКТЧМА Жалал-Абад аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары.
  7. Чынкараев Абдинаби Абдужалилович- КТЧКТЧМА Ош аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун директору К.Исабаев жолугушуунун катышуучуларын кызуу куттуктады жана Орхус Конвенциясынын принциптери жана Кыргыз Республикасындагы Орхус Борборлорунун иш аракети менен тааныштырды. Ошондой эле, Ош шаарындагы Орхус Борборунун 2016-жылга карата иш аракети, Кыргыз Республикасында 2015-2018-жылдарга Орхус Борборлорунун иш аракетин өнүктүрүү Стратегиясы жана Кыргызстанда 2015-2018-жылдарга Орхус Борборлорунун иш аракетин өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруу боюнча Жумушчу планы жөнүндө баяндап берди.

IMG_9098

Жолугушуунун катышуучулары Ош шаарындагы Орхус Борборунун 2016-жылдагы иш аракетин, Кыргыз Республикасында 2015-2018-жылдарга Орхус Борборлорунун иш аракетин өнүктүрүү Стратегиясын жана Кыргызстанда 2015-2018-жылдарга Орхус Борборлорунун иш аракетин өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруу боюнча Жумушчу планын талкуулашты.

Консультативдик кеңештин мүчөлөрү курчап турган чөйрөнү коргоо экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча жана курчап турган чөйрөнү коргоо көйгөйлөрүн чечүүдө жаратылышты коргоодогу ар кандай мекемелердин өкүлдөрүнүн мындан кийинки кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Соронкулов Гамал Умарович – Консультативдик кеңештин төрагасы болуп шайланды жана кеңештин бардык мүчөлөрүнүн катышуусу менен, бир жылда эки жолудан кем эмес кеңештин жыйынын өткөрүп туруу чечилди.

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *